Шахмат оюну. Архив

Өзбекстанда жаңы окуу жылынан тарта мектептерде шахмат сабагы окутулат

40
(жаңыланган 16:30 11.08.2018)
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча Билим берүү министрлигине 20-августка чейин окуу планын иштеп чыгууну тапшырган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Өзбекстанда жаңы окуу жылынан тарта 150 мектепте шахмат сабагы милдеттүү түрдө өтүлө баштайт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Азырынча шахмат сабагы сынамык долбоордун алкагында өтүлүп турат. Келечекте өлкөдөгү бардык мектептерде окутула баштайт.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө шахматты өнүктүрүү Боюнча билим берүү министрлигине 20-августка чейин окуу планын иштеп чыгууну тапшырган.

Президент шахмат оюну интеллект менен ойлоонууну өстүрө турганын айтып, аны өлкө аймагында жайылтуу керектигин билдирген.

40
Белгилер:
шахмат, билим берүү, мектеп, Өзбекстан
Тема боюнча
Кыргызстанда канча мугалим жетишпей турганын министрлик айтты
Мугалимдер эми предметтик сабактардын сааттарын бөлүп ала албайт
Пикирлер