Сооронбай Жээнбековду Түркмөнстанга коштоп кеткендер. Тизме

Жазылуу
Президент 23-24-август күндөрү Түркмөнстанда мамлекеттик сапар менен болот.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик сапар менен учуп кетти.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик сапар менен барат. Кол коюлчу документтер
Бул сапардын алкагында президент Аралды сактоо фондусунун эл аралык саммитине катышат.

23-24-августка пландалган сапардын жүрүшүндө Жээнбеков Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда расмий жолугушууларды өткөрөрү пландалган.

Жолугушууларда Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери, ошондой эле бардык багыттар боюнча өз ара мамилени мындан ары күчөтүүнүн келечеги талкууланат.

Визиттин алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат, атап айтканда, Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларация башкы саясий документ болуп калат. Бул документ эки мамлекеттин достугунун жана кызматташтыгынын тарыхындагы жаңы баракты ачмакчы.

Түркмөнстанга Сооронбай Жээнбековду коштоп баргандар:

  • Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;
  • КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
  • Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рустембеков;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары Автандил Кулбараков, Таабалды Тиллаев;
  • Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов;
  • Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелориация министри Нурбек Мурашев;
  • Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0