Жээнбеков Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө гүлчамбар коюп, бак отургузду. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит Президента Сооронбая Жээнбекова в Туркменистан
Государственный визит Президента Сооронбая Жээнбекова в Туркменистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти аталган өлкөгө мамлекеттик сапар менен барып, Аралды сактоо фондусунун эл аралык саммитине катышуу үчүн 23-августта жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун Күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Андан соң Жээнбеков Түркмөнстандын Эгемендик монументине да гүлчамбар коюп, сыйлуу коноктордун багында көчөт отургузду.

Мындан тышкары, мамлекет башчы Ашхабадда 2017-жылы Азия оюндары өткөн олипиадалык шаарчасын жана Ашхабад текстиль комплексин көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти аталган өлкөгө мамлекеттик сапар менен барып, Аралды сактоо фондусунун эл аралык саммитине катышмакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0