Казакстанда полиция кызматкери жетекчисин атып салды

© AFP / ALI AL-SAADI Полуавтоматический пистолет Glock
Полуавтоматический пистолет Glock - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициянын сержанты взводдун командирин тапанча менен аткан.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Батыш Казакстан облусунун полиция кызматкери жетекчисин тапанча менен атып салды деп кармалганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада полиция кызматкерин өлтүрдү деп шектелген жаранга айып тагылды
Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча полициянын сержанты өз жетекчисин райондук ички иштер органдарынын короосунда атып салган.

Окуя Акжы районунун Чапаев айылындагы полициянын бөлүмүндө бейшемби күнү болжол менен саат 16:30дар чамасында болгон. Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын билдиришинче, 32 жаштагы командир дарыгерлер келгенге чейин каза болгон.

Кармалган сержант 24 жашта.

Аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен териштирүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0