Казакстандык эркек кишиге дарыгерлер кош бойлуу деген диагноз коюшту

© AFP / MYCHELE DANIAUРодильный дом в городе Кан на севере Франции
Родильный дом в городе Кан на севере Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда ооруканага ичи ооруп кайрылган эркек кишиге дарыгерлер кош бойлуу деген диагноз коюшкан.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Казакстанда дарыгерлер Усть-Каменогорск шаарында жашаган эркек кишиге кош бойлуу деген күтүүсүз диагноз чыгарып беришкен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады. 

Билдирүүгө ылайык, эркек киши ичи ооруп ооруканага кайрылган. Аны дарыгер-нефролог карап "бейтап кош бойлуу болгондуктан ичи чоңоюп жатат" деп жазып берген.

"Дарыгерге кайрылган эркек адам курсагында бир нерсе кыймылдап жатканын сезип жатканын билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Киши күтүүсүз диагнозду үйүнө барганда гана байкаган.

Чыгыш-Казакстан облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы эркек адамга коюлган диагнозду териштирерин убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0