Казакстанда жолугун чечкиси келбеген окуучулар кийинки класска көчпөй калды

© AFP / LIONEL BONAVENTUREОкуучу кыздар. Архивное фото
Окуучу кыздар. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздар "бирдиктүү мектеп формасы боюнча эрежени бузду" деп күнөөлөнүп, мектепке дагы кигизилген жок.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Казакстандын Актөбө облусунда үч окуучу кыз жоолугун чечпей койгондугу үчүн кийинки класска көчпөй калды. Бул тууралуу Облустук билим берүү департаментине шилтеме берип Sputnik Казакстан жазды.

Кыздар "бирдиктүү мектеп формасы боюнча эрежени бузду" деп күнөөлөнүп, мектепке дагы кигизилген эмес.

"Былтыр облус боюнча диний көз карашынан улам жоолугун чечкиси келбеген өспүрүм кыздардын саны 350гө жетип жаткан. Бирок түшүндүрүү кампаниясы башталгандан бери көпчүлүк ата-энелер макулдугун берген. Мектепке жоолуксуз келүүдөн быйыл үч окуучу баш тартып жатат", — дешти департаменттен.

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Токтомушев: мектеп формасы боюнча эки тараптан тең аша чабуулар бар
Ошондой эле жоолуксуз жүрүүнү каалабагандыктан, мектепке келбеген окуучулардын ата-энелери айыпка жыгылып, ар бир кызына 12 миң тенгеден төлөштү.

Буга чейин диний ишениминен улам кичине болсо дагы кыздарына жоолук салынткан жарандар президент Нурсултан Наразбаевге кайрылуу жасашкан. Бирок өлкөнүн муфтияты "исламдын шарттары боюнча кичине кыздар жоолук салынууга милдеттүү эмес" деген билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0