Казакстанда жаңы Lada Granta автоунаалары чыгарыла баштады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМосковский международный автомобильный салон
Московский международный автомобильный салон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаанын жаңы моделдери августтун аягында Москвадагы автосалондо элдин назарына коюлган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Казакстандын "Азия Авто" машина куроочу заводу жаңы муундагы LADA Granta машиналарын чыгарып баштады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Автоунаанын жаңы моделдери август айынын аягында Москвадагы автосалондо элдин назарына коюлган.

"Казакстандыктар жаңы автоунааларды алдын ала тапшырык берип сатып алса болот. Машинанын жаңы партиялары ноябрь айынан баштап сатыкка чыгат", — деп компаниядан маалымдашты.

Тигүү цехи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайсы тармакта ишкердик кылуу кирешелүү. Рейтинг
LADA Granta автоунааларынын биринчи мууну Казакстанда эң көп сатылган машиналардын катарын толуктайт. Учурда "Азия Авто" заводунда LADA Granta машинасынын седан, хетчбэк, лифтбэк жана универсал үлгүсүндөгү бардык моделдери чыгарылат.

2002-жылы түптөлгөн "Азия Авто" машина куроочу заводу Казакстандагы эң ири компаниялардан болуп саналат. Ал "АВТОВАЗ", Volkswagen AG, General Motors жана KIA Motors компаниялары менен техникалык өнөктөш. Жылына 60 миң автоунаа чыгарганга мүмкүнчүлүгү жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0