Эмне күч келди экен? Казакстанда балмуздакка ууруга кирген кыз соттолушу мүмкүн

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБалмуздак. Архив
Балмуздак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурулукка кирген кыз балмуздактан башка эч нерсеге тийген эмес.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Казакстандын Сарыагаш районунун полициясы түн ичинде жергиликтүү дүкөнгө кирип, 15 миң теңгеге (болжол менен 3 миң сом — ред.) бааланган балмуздактарды жеп салган деп шектелген кызды кармады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Бишкекте дүкөндөн бир кыздын телефон уурдап жатканы видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дүкөндөн телефон уурдаган кыз видеого түшүп калган
Ээси эртең менен дүкөндү ачып, муздаткычтын тегереги чачылып жатканын көргөн. Бирок товарларды карап чыкканда, балмуздактан башка эч нерсе жоголбогону белгилүү болгон.

Бир нече сааттан кийин полиция Акмоло облусунан келген кызды колго түшүрүп, ал күнөөсүн моюндаган. Шектелүүчү эмне себептен балмуздакты мындай жол менен жегени макалада айтылган эмес.

Эми айыпкер бул кылганы үчүн чындап эле кесилип кетиши мүмкүн экени айтылды. Бирок шектүү дүкөн ээси менен макулдашып, чыгымдын ордун толтуруп берсе, эркиндикке чыгышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0