Instagram жылдызы Айжан Байзакова кош бойлуу экенин жар салды

© AFP / LOIC VENANCEКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айжан Байзакова жети ай бою кош бойлуу экенин элден жашырып келген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Казакстандык блогер Айжан Байзакова жакында эне боло турганын жар салды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Блогер Instagram баракчасына видео жүктөп, эмне себептен көптөн бери социалдык тармактардан алыстап кеткенин түшүндүргөн.

"Жоголуп кеткенимдин себеби 30 жумалык кош бойлуумун. Албетте ар кандай көздөрдөн жашынып элге көрүнбөй жүрүү кыйын болду. Мунун баарын сыр бойдон сактагым келген. Бирок ойлонуп көрсөм жашырууга негиз жок экен. Мындан ары үңкүрдө жашамак белем. Бул нерсени чоң бакыт деп эсептейм, корко турган эч нерсе жок. Бул — жаңы жашоо", — деп жазган Байзакова.

Бирок ал карынындагы баланын атасы ким экенин ачыктаган эмес.

Эске салсак, буга чейин Айжан Байзакова Алматыдагы клубдардын биринде кыздар арасында кийим чечүү конкурсун өткөрүп, аны казак полициясы үч суткага камап койгон. Кийин Кыргызстандын түнкү клубуна да келип, шоу тартуулап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0