Казакстандын ИИМи Астанадагы журналисттин өлүмүнүн себебин айтты

© Sputnik / Анатолий УстиненкоКазакстандын полиция кызматкерлери. Архив
Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист Ирина Бекетова өз үйүнүн подъездинде өлтүрүлгөн.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Казакстандын ички иштер министрлиги журналист Ирина Бекетованын өлүмүнүн чоо-жайын айтты.

Эске салсак, кечээ Астанада журналист Ирина Бекетованы өзү жашаган үйдүн подъездинен өлтүрүп кетишкен.

ИИМдин өкүлү Алмас Садубаевдин божомолунда, журналистти анын чогуу жашаган жарандык никедеги күйөөсү Анатолий Гусейнов подъездден башка киши менен чогуу турганын көрүп калып, кызганычтын айынан өлтүргөн.

"Түгөйлөр ортосунда уруш чыгып, аны көргөн Бекетованын таанышы кетип калууну чечкен. Бирок Гусейнов аялды уруп жатканын угуп, кайра келген. Подъездде эсин жоготуп жаткан Бекетованы көрүп, дароо Тез жардам чакырыптыр. Бул учурда шектүү Гусейнов белгисиз жакка из жашырып кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч баланын энесин өлтүрүп, Казакстанга кетип бараткан. Таластагы чуулуу окуя
Маалым болгондой Ирина Бекетова менен Анатолий Гусейнов расмий никеге турушкан эмес, бирок ортосунда эки баласы бар.

Шектүүнү кармоо үчүн ИИМдин бардык түзүмү жана шаардык ички иштер департаментинин күчтөрү тартылган.

Гусейнов 34 жашта, Астанада туулган.

Ал эми Ирина Бекетова 37 жашта болчу. Артында төрт баласы калды. Эң чоң уулу майып. Ал эми кичүү эгиз балдары үч жашка чыккан. Маркумдун кесиптештери аны узатуу зыйнатын өткөрүүгө каражат чогултууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0