Түркиядагы аэропортто өз жанын кыйган киши Казакстандын жараны болуп чыкты

© AFP / BULENT KILICАвтомобиль скорой медицинской помощи в Турции
Автомобиль скорой медицинской помощи в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Түркиянын бир катар ЖМКлары "Ататүрк" аэропортунун эл аралык терминалында кыргызстандык эркек киши жогорку кабаттан секирип кеткенин жазышкан.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда өз жанын кыюуга аракет кылган жаран Казакстандын жараны экенин Gokyuzu Haberci сайты жазды.

Буга чейин Түркиянын бир катар ЖМКлары "Ататүрк" аэропортунун эл аралык терминалында кыргызстандык эркек киши жогорку кабаттан секирип кеткенин жазышкан.

Маалымат боюнча 37 жаштагы киши Казакстандын жараны болгон.

"Казакстандын жараны дароо ооруканага жеткирилип, операцияга даярдап жатканда жүрөгү токтоп каза болгон. Ал окуя болгондон кийин жарым сааттан соң үзүлгөн", — деп "Сади Конук" клиникасынын башкы дарыгери айтып берген.

Окуяны полиция иликтеп жатат. Каза болгон жаран мас болгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0