Кытайда өрт өчүрүүчүлөр суицидге каршы күрөшүүнүн өзгөчө ыкмасын тапты. Видео

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүУчения МЧС в Донецкой области
Учения МЧС в Донецкой области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда өз жанын кыйган кадамдардын көбү аялдар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматы боюнча жер жүзүндө катталган суициддин 26 пайызы Кытайга туура келет.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кытайдын өрт өчүрүүчүлөрү калк арасында суицидге каршы күрөшүүнүн өзгөчө, ошол эле учурда жөнөкөй ыкмасын ойлоп табышты. Өз жанын кыюуга аракет кылгандарды куткаруу учуру тартылган видеону People's Daily China басылмасынын Twitter баракчасына жарыяланды.

​Маалыматка караганда мурдараак өрт өчүрүүчүлөр көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирем деп жаткан кыздын окуясына күбө болушкан. Анда алар кызга карай катуу басым менен суу чачып аны терезеден үйгө киргизишкен.

Кытайда 5-кабаттан түшөм деп асылып калган бөбөк аз жерден калды - Sputnik Кыргызстан
Кытайда 5-кабаттан түшөм деп асылып калган бөбөк аз жерден калды
Башында куткаруучулар коңшулаш үйдүн терезесинен узун таяк менен кызды артка түртүүгө аракет кылганда натыйжа берген эмес. Мындан улам өрт өчүрүү шлангы менен суу чачышканда кыз артка жыгылган. Мындай ыкма Кытайда көп колдонула баштаганы жазылат.

Кыздардын өз жанын кыюусуна көпчүлүк учурда билим алуунун түмөн түйшүгү жана эрте турмушка чыгууга мажбурлоо себеп болору белгиленет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматы боюнча жер жүзүндө катталган суициддин 26 пайызы Кытайда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0