Мирзиёевдин тапшырмасы сөз бойдон калбаш үчүн Өзбекстанда жаңы токтом ишке кирди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСитуация после выборов президента в Республике Узбекистан
Ситуация после выборов президента в Республике Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тапшырмалар кантип аткарылып жатканын өкмөт, Эсеп палатасы жана Башкы прокуратура көзөмөлдөп турмакчы.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик органдарга берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөй турган токтомго кол койду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Мындан ары министрлик, ведомство сыяктуу аткаруучу органдар жасалып жаткан бардык иштер боюнча отчетторду "Ijro.gov.uz" деп аталган электрондук системага киргизип турууга милдеттүү.

"Учурда бул система тесттик режимде ишке кирип, президент тарабынан берилген 2800 тапшырма кантип аткарылып жатканын өкмөт менен Эсеп палатасы көзөмөлдөй баштады", — деп жазылат макалада.

Тапшырмалар сөз бойдон эле калып калбай, иш жүзүнө ашып жатканын аталган эки органдан тышкары Башкы прокуратура дагы көзөмөлдөп турмакчы.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0