ЖМКлар сакалчан казак аялды "Ислам мамлекетинин" башчысы менен чаташтырып алды

© Sputnik / Жансая Тәуекелқызы70-летняя Мухтабар Тораева из Туркестана
70-летняя Мухтабар Тораева из Туркестана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык аялдын сүрөтү "террорист жок кылынды" деген жаңылыктарга жарыяланган

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары 70 жаштагы сакалы бар казакстандык Мухтабар Тораеваны "Ислам мамлекети" террордук уюмунун лидери менен чаташтырып алышкан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. 

Жаңылыктар fararu.com, khabarban.com, tadbir24.ir агенттиктерине жарыяланган. Маалыматтарда Сириянын Ирак менен чектешкен Аль-Букмал шаарында Ирандын ракеталык чабуулунан улам "Ислам мамлекети" террордук уюмунун лидерлеринин бири Абу Али аль-Машхадани каза болгону айтылган. Ал эми иллюстрация катары Казакстандын түштүгүндө жашаган аялдын сүрөтү коюлган. Ал буга чейин Sputnik Казакстан агенттигинин журналисттерине интервью берип, 35 жылдан бери сакалчан жүргөнүн билдирген

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга террорчуларды киргизди делген чек арачылардын сүрөтү
Так ошол Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы каарманды үйүнөн тарткан сүрөтүн Иран ЖМКлары материалдарына колдонгон.

Riafan.ru сайтына жарыяланган кабарга караганда, 1-октябрь күнү "Ислам мамлекети" Ирандын ракеталык чабуулунан улам чын эле лидерлеринин биринен айрылган.

Ал эми 70 жаштагы Мухтабар Тораева капысынан террордук уюмдун мүчөсү болуп калганын билер-билбеси белгисиз.

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда, Россияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0