Назарбаев Казакстанда Путин менен Мирзиёевди тосуп алды. Эмне тууралуу сөз болду

© Фото / Официальный сайт Президента РКВстреча Назарбаева с президентами России Путиным и Узбекистана Мирзиёевым
Встреча Назарбаева с президентами России Путиным и Узбекистана Мирзиёевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч мамлекеттин башчылар Түркестан облусунда жолугушкан.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Россия менен Өзбекстандын президенттерин Түркестан облусунда тосуп алганын Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Түркестан облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулоо үчүн чогулган миллиардер ишкерлерге шаарда облустук маанидеги заманбап бирден имарат курууну милдеттендирди - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев өлкөнүн байларына Түркестанга бирден имарат курууну милдеттендирди
Бейрасмий форматта жолугушкан Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта кызматташуунун мындан аркы маселелерин талкуулашкан.

Өлкө башчылары андан сырткары эл аралык уюмдардагы кызматташуу, анын ичинен КМШнын алкагында кызматташуу маселелерин дагы карашкан. Алар аймактык жана дүйнөлүк күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашышкан.

Россиянын президенти Владимир Путинди Ташкентте кантип тосуп алышканын видеодон көрүңүз

Жаңылыктар түрмөгү
0