Казакстанда адам өмүрүн алган белгисиз вирус тарап жатканы айтылды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРоссийские медики разработали вакцину против лихорадки Эбола
Российские медики разработали вакцину против лихорадки Эбола - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин башчысынын ырасташынча, инфекция жалпы дүйнөгө коркунуч туудурат.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Жандарбек Бекшин адам өмүрүн алган белгисиз инфекция тарап жатканын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Жыл сайын дүйнө жүзүндө миллиарддан ашык оору катталып, ал 16 миллион кишинин өмүрүн алат. Бекшиндин айтымында, акыркы 20 жылда 30 жаңы вирус табылган. Ушу тапта дагы жаңы вирус чыкканы маалым болду.

"Быйыл "Икс" аталышындагы жаңы вирус пайда болду. Ал бүгүнкү күнү дүйнө жүзүнө коркунуч туудуруп жатат", — деди ал.

Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төрөттөн каза болгон аялдардын саны жана себеби. Статистика
Бекшин белгисиз вирус 2018-жылы Африкада катталганын айтты. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны "жалпы коркунуч" каттары сыпаттаган. Ал ошондой эле жаңы вирус тез мутация болорун белгиледи.

Казакстанда кара тумоонун бир нече очогу бар. Андан сырткары, Конго-крым геморрагия безгеги, туляремия, бруцеллез дартына чалдыккандар катталат. Бекшин Борбордук референттик лаборатория Казакстан үчүн актуалдуу экенин кошумчалады.

Эгер сиз айрым медициналык сөздөрдү түшүнбөй жатсаңыз, Sputnik Кыргызстандын "Тибиртке" рубрикасын окуңуз

Жаңылыктар түрмөгү
0