Кытайдын жарандары. Архивдик сүрөт

Кытайда акыркы 40 жылда 700 млн. жаран жакырчылыктан чыккан

149
(жаңыланган 18:40 04.11.2018)
Акыркы маалыматтар боюнча, учурда 30 миллион киши өтө жакыр турмушта жашайт.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кытайда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгында, акыркы 40 жылда 700 миллион киши жакырчылыктан чыккан. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги жазды.

Эксперттердин баамында, 2018-жылдын аягына чейин Кытайдагы калктын 80 пайызы жакырчылыктан чыгат. Ал эми 2020-жылга карата калктын басымдуу бөлүгү орто жашагандардын катарына кирет. Учурда Кытайда 30 миллион киши өтө жакыр жашайт.

Ал эми Кыргызстанда жакыр жашагандардын турмушун жакшыртуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын материалдан окуңуздар.

149
Белгилер:
программа, жакырчылык, Кытай
Тема боюнча
Жакыр үй-бүлөлөргө берилип жаткан жардам тууралуу брифинг
Сузактагы жакыр үй-бүлөлөр күнөскана иштетип түшүм ала башташты. Сүрөт
Пикирлер