Тажикстанда Facebook, "Одноклассники" баштаган соцтармактар иштебей калды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПланшеттеги тиркемелер. Архив
Планшеттеги тиркемелер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта Viber, What"s App жана Telegram мессенджерлерин да колдонууга мүмкүн болбой жатканы айтылган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Тажикстанда Facebook, "Одноклассники" тармактары менен YouTube видеохостинги чектөөгө алынды. Бул туурасында РИА Новости социалдык тармактарга VPN жана анонимайзер менен кирген колдоонуучуларга шилтеме кылып кабарлаган.

Тажикстандын Байланыш кызматы түзүлгөн кырдаал боюнча пикир айтуудан баш тартып, Бирдиктүү байланыш борборуна кайрылууну сунуштаган.

"Биз кардарларыбызды интернет менен гана камсыздай алабыз. Сайттарды жаап, тосуп салуу же аны кайра ачуу бизге байланыштуу эмес", — деген РИА Новостиге Бирдиктүү байланыш борборунун өкүлү.

Маалыматта андан сырткары, Viber, What"s App жана Telegram мессенджерин колдонууга мүмкүн болбой жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0