Менталитетке туура келбейт! Өзбек ырчысы клиби үчүн лицензиясынан ажырады

© AP Photo / Matt SaylesКонцерт Janelle Monae в театре Microsoft в Лос-Анджелесе.
Концерт Janelle Monae в театре Microsoft в Лос-Анджелесе. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөз "Летние дожди" аттуу ырга тартылган клип тууралуу болуп жатат. Сюжетте эркек менен аялдын кучакташкан жерлери бар.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Өзбекстандык ырчы Шахло Ахмедова "Летние дожди" аттуу ырына тарткан клиби үчүн лицензиясынан айрылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан "Өзбекконцертке" шилтеме берип жазды. 

Ведомстводон маалымдашкандай, ырчыга клипте улуттук жана чыгыш менталитетине туура келбеген учурлар бар экени тууралуу бир нече ирет эскертүү берилген.

Шахло Ахмедованын лицензиясы 13-ноябрдан баштап токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0