Өзбекстандык адис мектептеги жаттама окуудан баш тартууну сунуштады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМектептеги окуучу кыз. Архив
Мектептеги окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис мектеп балдарга базалык билим берип эле тим болбостон, келечектеги кесибине жол чаап бериши керектигин айтты.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Мектепте окуучуларды китептеги материалдарды эле жаттатпай, ар кандай кырдаалдарда эркин ой жүгүртүүгө үйрөтүү зарыл. Бул тууралуу Өзбекстандын Элдик билим берүү министринин орун басары Атабек Назиров Глобалдык ишкердүүлүк жумалыгында айтканын Sputnik Өзбекстан жазды.

"Биздин мектептерде бир дагы бала мугалим менен окуудан тышкаркы маселени талкуулап, эркин ой жүгүртө албайт. Бул чоң көйгөй. Биз балдарды өз алдында маалымат алып, аны туура өздөштүрүүгө үйрөтүшүбүз керек. Бул үчүн мугалимдер чет элдик өнөктөштөрдөн тажрыйба алып жатат. Окуучуну өз алдынчалуулукка үйрөтсөк, ал интернет өнүккөн азыркы заманда көп суроолорго өзү жооп ала алат", — деди Назиров.

Ошондой эле орун басар мектеп балдарга базалык билим берип жана ЖОЖго даярдап тим болбостон, келечектеги кесибине жол чаап, ишкерликке дагы үйрөтүшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0