Борошондоп жааган кар. Архив

Казак талааларында суукта калган 8 кыргызстандык куткарылды

227
(жаңыланган 10:52 07.12.2018)
Элди Сарышаган айылындагы эс алуу үйүнө жеткиришкен.

БИШКЕК, 6-дек — Sputnik. Казак талааларында калган кыргызстандык сегиз жаранды сууктан сактап калышты. Бул туурасында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети кабарлаган.

1-декабрда жолго чыккан Газель-8 автоунаасы кыргызстандык жүргүнчүлөрү менен бузулуп жолдо калган. Казак куткаруучулары суукта калган адамдарды Сарышаган айылындагы эс алуу үйүнө жеткиришкен. Маалыматта эч ким жабыркабагандыгы айтылат.

227
Белгилер:
куткаруу, жолоочу, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
Шаршембиге карата аба ырайы
Пикирлер