Ирландиялык МА мушкери Конор Макгрегор. Архив

Кудум Макгрегордой басыптыр. Казак тестиердин жылмаюу чакырган видеосу

1044
(жаңыланган 10:20 09.12.2018)
Атаандашын жеңген бала өзүн Макгрегор сезип, аны туурап, күйөрмандарынын кол чабуусуна арзыган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Интернет айдыңына ММА мушкери Конор Макгрегорду туурап баскан казакстандык кичинекей спортчунун видеосу тарады. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Sports.kz сайтынын билдиргенине караганда, грек-рим күрөшү боюнча өткөн турнирде казакстандык кичинекей "Макгрегор" өзүнүн кумиринин басканын туурап, ошол жерди бир айланып чыккан. Бул учурда анын күйөрмандары кол чаап, куттуктап, колдоп турганын көрүүгө болот.

Макгрегордун басканын YouTube каналынан көрүүгө болот.

Эске салсак, ММА мушкери Конор Макгрегор акыркы беттешинде атаандашы Хабиб Нурмагомедовдон жеңилип калган. Бул беттешти кылымдын кармашы деп да атап жиберишкен. Россиялык Нурмагомедов ирландиядык Макгрегорду төртүнчү раундда "муунтуп", беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктаган.

1044
Белгилер:
күрөш, Хабиб Нурмагомедов, Конор Макгрегор, Казакстан
Тема боюнча
Макгрегор Нурмагомедов менен токтоосуз реванш өткөрүүнү талап кылды
Конор Макгрегорду туураган Таластагы электрик жазага тартылды
Пикирлер