Мирзиёев Өзбекстанда канча чиновник коррупция үчүн жоопко тартылганын айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстантын президенти презденти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстантын президенти презденти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент коррупцияны жоюуга жалпы коом жапырт киришмейин иш алдыга жылбай турганын айтты.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 2018-жылдын 11 ай ичинде Өзбекстанда 1,1 миң аткаминер коррупцияга аралашкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу өлкө презденти Шавкат Мирзиёевдин сөзүнө таянып Sputnik Өзбекстан жазды.

"Өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнө бут тосуп, элдин жаркын жашоого үмүтүн үзүп жаткан коррупцияны ооздукташ үчүн бир катар иштер жасалды. Жыйынтыгында быйыл эле 1 177 чиновник кылмыш жоопкерчилигине тартылды", — деди Мирзиёев.

Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрдин орун басары кайсы тендер үчүн пара алган? Чоо-жайы
Анын айтымында, ЖМКлар ар кайсы бийлик органдарындагы паракорлук боюнча айтып, жазып келет. Бирок аны жоюуга жалпы коом жапырт киришмейин иш алдыга жалбайт.

"Өлкөдөгү ар бир жамаат өзүн-өзү тарбиялап, ыплас иштерден алыс болмоюнча, коррупцияны жоюу бир гана укук коргоо органдарынын колунан келбейт", — деди президент.

2018-жылдын январь айында Өзбекстанда "Коррупцияга каршы туруу" мыйзамы күчүнө кирип, февралда Мирзиёев паракорлукка каршы атайын комиссия түзгөн. Анын башында өлкөнүн башкы прокурору Отабек Муродов турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0