Сингапурда кампа кызматкери 1 доллар пара алууга аракеттенген деп айыпталууда

© REUTERS / Dado RuvicКурс валют. Доллары
Курс валют. Доллары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документке ылайык, 47 жаштагы жумушчу 2016-жылдын май айынан 2018-жылдын март айына чейин айдоочулардан пара алып турган.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Сингапурда контейнер кампасында иштеген кызматкер 1 доллар пара алууга аракет кылганы үчүн айыпталып жатканын Strait Times басылмасы жазды.

Почти 900 тысяч долларов изъяли из банковской ячейки Зилалиева — видео - Sputnik Кыргызстан
Чекисттер Зилалиевдин банктагы 900 миң долларын чыгарган видео
Ага ылайык, Кытайдын 47 жаштагы жараны Чэнь Цзылян былтыр октябрь айында айдоочулардын биринин жүк ташуучу автоунаасындагы контейнерди убагында алып кетем деп бир доллар талап кылган. Тергөөнүн башка документтерине ылайык, Цзылян 2016-жылдын май айынан 2018-жылдын март айына чейин башка айдоочулардан да пара алып турган.

Ушундай эле айып кампада иштеген кытайдын башка жараны Чжао Юйцунга да тагылууда. Алдын ала маалымат боюнча Юйцун 2014-жылдын сентябрынан 2018-жылдын мартына чейин пара алып жүргөн. Бирок ал канча көлөмдө пара алганы азырынча ачыкка чыга элек.

Ал ортодо Кыргызстанда транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0