Instagram тармагындагы белгилүү саясатчылар тизмектелди. Арасында Мирзиёев бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовInstagram страница президента РУз Шавката Мирзиёева
Instagram страница президента РУз Шавката Мирзиёева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ири пиар-агенттиктери 426 мамлекеттеги социалдык тармактын аккаунттарына саресеп салган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичиндеги мамлекеттик ишмерлердин арасынан бирден-бир белгилүү Instagram колдонуучу болгон. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазып чыкты. 

BCW (Burson Cohn & Wolfe) ири пиар-агенттиги "Instagram тармагындагы дүйнөлүк лидерлер" аталышындагы иликтөө жасап, 426 мамлекеттеги социалдык тармактын аккаунттарына саресеп салышкан.

Иликтөөнүн маалыматына ылайык, мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичиндеги эң популярдуу интернет колдонуучу деп Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев табылган. Ага жазылгандардын саны — 2,91 миллион. Өзбекстандын башчысы миллиондон ашык катталуучусу менен экинчи орунду ээлеген.

Анын аккаунту дүйнөлүк лидерлерге салыштырмалуу алдаганча көп. Маселен, Германиянын канцлери Ангела Меркелге катталгандар 772 миң, Сингапурдун премьер-министри Ли Сянлундуку 358 миң, ошондой эле Улуу Британиянын өкмөт башчысыныкы 103 миңди түзөт. Белгилей кетүүчү нерсе, Мирзиёевдин маалымат кызматы өз баракчасын англис тилинде алып барат, ага 153 миң аккаунт жазылган.

Снимок с Instagram страницы пользователя nurlannasip_kg - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы дагы бир ырчынын Instagram баракчасына миллион адам катталды
Рейтингдин үчүнчү орунунда Азербайжандын президенти Илхам Алиев турат. Анын ишмердүүлүгүнө 237 миң адам абай салат. Ошондой эле алдыңкы бештикке Украинанын президенти Петр Порошенко (123 миң) менен Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев (77,9 миң) кирген.

Дүйнөлүк рейтингдин сап башын Индиянын өлкө башчысы Нарендра Моди (15 миллион) ээледи. Тизмеде экинчи орунда Индонезиянын башчысы Жоко Видодо (12 миллион) турат. Ал эми үчүнчү орунга АКШнын президенти Дональд Трамп (10 миллион) илинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0