Өзбекстандык белгилүү артист Обид Асомов дүйнө салды

© Фото / международный пресс-клубЗаслуженный артист Узбекистана, резидент юмористической передачи "Кривое зеркало" Обид Асомов
Заслуженный артист Узбекистана, резидент юмористической передачи Кривое зеркало Обид Асомов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Ташкенттеги ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Обид Асомов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 55 жаштагы Асомов 14-декабрда Ташкенттеги ооруканалардын биринде инфаркттан улам көз жумган. 

Буга чейин айрым ЖМКлар ал жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын жазып чыгышкан. Бирок артисттин администратору анын ден соолугу жакшы экендигин билдирген. 

Обид Асомов 1963-жылы 22-октябрда Ташкент шаарында төрөлгөн. Ал чыгармачылык жолунда жеке өзүнүн "Обид-А" аталышындагы театрын ачып, 2000-жылдардын соңунда россиялык "Кривое зеркало" телешоусуна катыша баштаган.

Ошондой эле ал ушул жылдын май айында "Мультипликациялык фильмдердин студиясы" мамлекеттик-унитардык ишканасынын директору болуп дайындалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0