Кытайда байпагын жыттай берген киши ооруп калды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүХостел для мигрантов в Московской области
Хостел для мигрантов в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши дарыгерлерге жөтөлүп жана көкүрөгү ооруп жатканын айтып кайрылган.

БИШКЕК, 19-дек. – Sputnik. Кытайдын жашоочусу эски байпактарын жыттай берген адатынан улам өпкөсүн оорутуп алды. Бул туурасында Metro басылмасы жазган. 

Лагерь для детей с синдромом Туретта в США - Sputnik Кыргызстан
Акылдуу адамдар жабыркаган дарт. Коркунучтуу кеселдин белгилери
Киши дарыгерлерге жөтөлүп жана көкүрөгү ооруп жатканын айтып кайрылган. Жазып берген дарыларды ичкени менен пайда бербей, абалы начарлай берген. Адистер бир айдан кийин ооруканага жаткырып, тыкыр изилдей башташкан. Кишини рентгенге тарткандан кийин анын өпкөсүндө жугуштуу оору таркатуучу жана түрдүү нерселерди ачытуучу инфекция бар экени аныкталган.

Оорулуу дарыгерлерге жумуштан келгенден кийин эски байпактарын күн сайын жыттаарын айтып берген. Мындан соң гана медиктер аталган инфекциянын анын өпкөсүнө кандай жол менен кирип, өөрчүй баштагандыгын билген. Бул микроорганизм өпкөгө киргенден кийин жанданып, жөтөлдү пайда кылып, жан кыйнап оорута баштаган.

Басылма, оорулуу акырындап сакайып бара жаткандыгын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0