Кытайда айдоочусу жок автобустар каттамга чыкты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтобус. Архивдик сүрөт
Автобус. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттамдын узундугу 7,8 чакырым, ортосунда 22 аялдама бар.

БИШКЕК, 29-дек. Кытайда айдоочусу жок автобустар сынамык тартипте жүрө баштады. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Транспорттун мындай түрүн "акылдуу автобустар" деп да аташууда.

Долбоор Хунань (борбордук Кытай) провинциясынын административдик борборундагы Чанша шаарында ишке ашты.

Сынамык тартиптеги автобустарды Сянцзяндын жаңы районуна алып келишкен. Каттамдын узундугу 7,8 чакырым, ортосунда 22 аялдама бар. Жергиликтүү бийлик буга чейин аталган жолдо интеллектуалдык технологиялар менен жабдылган төрт электробус жүрө тургандыгын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0