Тажик эркектери бел күчтү бекемдеген дары ичүүгө уруксат алышты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОткрытие R&D-центра компании "Герофарм" в Санкт-Петербурге
Открытие R&D-центра компании Герофарм в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аалымдар кеңеши бул чечимди көптөгөн жарандардан кайрылуу түшкөндөн кийин кабыл алганын айтты.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Тажикстандын Ислам борборунун аалымдар кеңеши эркектердин бел күчүн бекемдей турган дары-дармектерди ичүүгө уруксат берди. Бул тууралуу аталган борбордун сайтына шилтеме берип Asia-Plus порталы жазды.

Аалымдар кеңеши бул чечимди көптөгөн жарандардан кайрылуу түшкөндөн кийин кабыл алганын айтты.

"Жарандар "бел кубатын дары менен бекемдөө шариятка туура келеби?" деген суроону көп беришти. Мындан улам биздин кызматкерлер тиешелүү адабияттарды карап чыгып, өтө зарыл болсо, тагыраагы, эркекте потенцияга байланыштуу көйгөйлөр жаралган учурда гана колдонууга болорун айтышты", — деп жазылат макалада.

Баса, импотенция кандай себептерден улам пайда болоруна кызыксаңыз, Sputnik Кыргызстандын материалын окуңуз. Ал тууралуу Европалык урологдор ассоциациясынын мүчөсү, медицина илимдеринин кандидаты Зуфар Хакимходжаев айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0