Казакстан: муз жарылып, сууга кирип кеткен үй-бүлө 5 жашар кызынан айрылды

© Фото / КЧС МВД РКПровал под лед автомобиля с людьми в Восточно-Казахстанской области
Провал под лед автомобиля с людьми  в Восточно-Казахстанской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сууга түшүп кеткен унаанын ичинде аялы менен күйөөсү жана алардын үч баласы болгон.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстандын чыгышындагы Бухтармин суу сактагычында муз жарылып, жеңил унаа сууга түшүп кетти. Бул тууралуу ИИМге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Каргашалуу окуя 18-январь күнү саат 21.00дөр чамасында болду.

ВАЗ-2019 үглүсүндөгү унаа суу сактагычтагы муздун үстүнө барган. Ошол убакта муз аны көтөрө албай, сынып кеткен. Машинанын ичинде аялы менен күйөөсү жана алардын үч баласы болгон. Төрт адам өз алдынча чыгып, беш жаштагы кыз чөгүп кетти", — деп жазылган макалада.

Ишемби күнү эртең менен куткаруучулар издөө иштерин баштап, саат 9.30да наристенин сөөгүн таап чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0