Борбор Азия өлкөлөрүнүн тамак-ашы адамды өлүмгө дуушар кылат. Адистин пикири

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭт туурап жаткан адам. Архив
Эт туурап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элинин орто жашын узартууну каалаган өлкөлөр туура тамактануу саясатын мамлекеттик деңгээлде колдоого алышы шарт.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрү туура тамактануу саясатын өзгөртүшү керек. Бул тууралуу Россиянын тамактанууну изилдөө, биотехнология жана коопсуздук борборунун адиси Наталья Денисова Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтты. 

Денисованын пикиринде, дүйнө жүзү боюнча жүрөк-кан тамыр илдеттери, кант диабети, ашыкча салмактан улам өлүмгө дуушар болгон адамдардын саны өсүүдө. 

“Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн көнүмүш рациону дал ушул ооруларга алып келген эт, камыр жана майлуу сүт азыктарынан турат. Мисалы, койдун майы атеросклероз жана ушул сыяктуу ооруларды чакырат”, — деди дарыгер. 

Ал кошумчалагандай, майлуу этти азыраак пайдаланган өлкөлөрдө оорудан өлгөн адамдардын саны төмөн. 

Холодильники карап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти
Андыктан Денисова элинин орто жашын узартууну каалаган өлкөлөр туура тамактануу саясатын мамлекеттик деңгээлде колдоого алышы шарт деп эсептейт. 

Атеросклероз —өнөкөт жүрөк-кан тамыр оорусу. Артерия кан тамырларынын капталдарында ткандын калыңдап, кан тамыр тарыйт, натыйжада органдарды кан менен камсыз кылуу начарлайт.

Эске салсак, жакында Германиянын Йена шаарынын Фридрих Шиллер университетинин окумуштуулары тамактануунун кесепетинен адам өлүмү көп катталган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаган. Тизмеде Кыргызстан 3-орунга чыккан. Сап башында Өзбекстан турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0