Портфельчен аткаминер. Архив

Кореялык аткаминер Өзбекстанда министрдин орун басары болду

255
Буга чейин Ли Корея республикасында Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин демографиялык саясат тармагын башкарган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын жараны Донгвук Ли Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Донгвук Ли чет өлкөлүк тажрыйбаларды колдонуу жаатында жана саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга жоопкерчиликтүү", — деп жазылат макалада.

Мындан тышкары, чет элдик кадр мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктү, медициналык туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча иш алып барып, сапаттуу атаандаштык программаларын ишке ашырат.

Буга чейин Ли Корея республикасында Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин демографиялык саясат тармагын башкарган.

255
Белгилер:
кызмат, кадрлар, Түштүк Корея, Өзбекстан
Тема боюнча
Бишкек — Ташкент багыты боюнча автобус каттамы жанданды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана биринчи президент Нурсултан Назарбаев. Архив

Токаев Нурсултан Назарбаев менен кайдан кантип таанышканын айтып берди

13
(жаңыланган 11:48 02.07.2020)
Казакстандын болочоктогу эки президенти баарлашып, Касым-Жомарт Токаев ошондо эле Назарбаевди чоң саясий келечек күтүп тургандыгын баамдаган.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Коңшу мамлекеттин президенти Касым-Жомарт Токаев Egemen Qazaqstan басылмасына Нурсултан Назарбаев менен кантип таанышкандыгы жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Өлкөнүн эки лидери мындан 35 жыл мурун биринчи жолу чет өлкөдө жолугушкан.

"1985-жылы сентябрь айында Нурсултан Абишевич Казак ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп турганда Кытайга келген. Мен ал учурда элчиликте иштечүмүн. Ошондо эле анын казак өкмөт башчысы катары кытай тарап менен сүйлөшүүдө терең билими, курч ою, иреттүү так сүйлөгөнү бардыгыбызды таң калтырып суктанткан", — деген Токаев.

1,5 млн. долларга мыкты тасма тартышты. Токаев кыргыз киносуна суктанды

Анда болочоктогу Казакстандын эки президенти баарлашып, Касым-Жомарт Токаев ошондо Назарбаевди чоң саясий келечек күтүп тургандыгын баамдаган.

"Назарбаев менен эки жарым саат сүйлөшкөндөн кийин элчиликтин кызматкерлерин карап, мен аларга "менимче, биз жаңы эле Казакстандын болочоктогу жетекчиси менен сүйлөштүк окшойт" деп айткам. Беш жылдан кийин эле Нурсултан Назарбаев Казакстанды башкарып калды", — деген өз сөзүндө Токаев.

Андан сырткары, Токаев өз китебинде БУУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп жүргөндө көптөгөн дүйнө лидерлери Назарбаев жөнүндө жакшы сөздөрүнө күбө болуп, өз өлкөсү үчүн сыймыктангандыгын айткан.

13
Белгилер:
таанышуу, Касым-Жомарт Токаев, Нурсултан Назарбаев, Казакстан
Тема боюнча
Касым-Жоомарт Токаев: тойлордун доору өтүп бара жатат
Автоунаада бараткан дарыгер. Архив

Казакстанда Тез жардамга көмөктөшө турган Corona-taxi ачуу пландалууда

67
(жаңыланган 09:20 01.07.2020)
Коңшу өлкөдө атайын багыттагы такси кызматын ачуу идеясын Саламаттыкты сактоо министрлиги сунуштаган.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Corona-такси кызматын ачууну пландап жатат. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөдө жетишпей жаткан тез жардам автоунааларынын жана атайын машиналардын ишин жеңилдетүү үчүн ушундай чечим кабыл алынмакчы. Учурда бул идеяны ведомстволор аралык комиссия карап жатат.

Эгер колдоо тапса бул кызматка таксопарктар жана медициналык эмес уюмдардын автоунаалары тартылат. Алар бейтаптардан кабар алууга барган мобилдик бригаданы ташыйт.

"Апам уктап калды, эртең келгиле": мобилдик бригаданы тушаган бишкектик кыйындар

Министр Алексей Цой медиктер коронавирустан тест алуу, дары жазып жана кеңеш берүү үчүн гана чакыруу түшкөн дарекке бара турганын билдирген. Андан кийинки дарылоо процесстери онлайн түрүндө болорун айтат.

67
Белгилер:
кызмат, бригада, тез жардам, такси, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Бишкектин Тез жардам кызматына эки жыл токтоп турган 15 унаа кошулду. Сүрөт