Таразда үйдөгү жарылуудан үч киши каза тапты. Иликтөөгө Назарбаев өзү көз салат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПожар в жилом доме в центре Москвы
Пожар в жилом доме в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт кабаттуу үйдүн биринчи жана экинчи кабатынын ортосу урап түшкөнү айтылган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Казакстандын Тараз шаарында төрт кабаттуу үйдөгү жарылуудан үч киши каза болгонун казак өкмөтүнө таянуу менен РИА Новости жазды.

Спасатели работают на месте обрушенного жилого здания в районе Картал, Стамбул, Турция, 6 февраля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда сегиз кабат имарат урап түштү. Алдында ондогон кишилер болушу мүмкүн
Эскерте кетсек, кырсык шаршембинин таңында болгон. Алдын ала айтылган маалыматта экинчи кабаттагы батирде газ жарылып, биринчи менен экинчи кабаттын ортосу урап түшкөн.

Казакстандын өзгөчө кырдаалдар департаменти ушу тапта каргашадан үч киши каза таап, алты киши жабыркаганын айтышты. Жарылууга газ жабдыгы менен этиятсыз пайдалануу себеп болгону болжолдонду.

Кырсык тууралуу өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевге жаңы дайындалган премьер-министр Аскар Мамин маалымат берген.

"Президенттин тапшырмасы менен өкмөт башчынын биринчи орун басары Женис Касымбек башында турган өкмөттүк комиссия түзүлдү. Топтун мүчөлөрү окуя болгон жерге учуп кетишти", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кырсыктан эки кишинин каза тапканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0