Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бизнесмен Алишер Усманов менен жолугушуу учурунда

Шавкат Мирзиёев миллиардер Алишер Усманов менен эмне үчүн сыймыктанарын айтты

3469
(жаңыланган 13:46 05.03.2019)
Миллиардер Наманган облусунун райондоруна бөлүп берүү үчүн ири суммадагы акча жөнөткөн.

БИШКЕК, 5-мар. – Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бизнесмен Алишер Усмановдун Наманган облусуна берген акчалай жардамы туурасында айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Облустардын жетекчилери менен болгон жолугушууда президент "Обод кишлок" программасынын алкагында Наманган облусуна Усманов 50 миллион доллар бөлүп бергенин айткан. Маалыматты "Өзбекстан 24" телеканалы таратты.

"Алишер Бурханович Усманов "Обод кишлок" жана "Обод махалла" программаларынын алкагында мага сунуш киргизди", — деп айтып берген Мирзиёев.

Мамлекет башчы бул маалыматты канааттануу менен жар салган.

"Урматтуу президент, эгерде уруксат берсеңиз, 50 миллион долларды "Обод кишлок" программасына берсем, буга кандай карайсыз? Чынын айтсам, акча Ташкентке келип түштү", — деген миллиардердин сөзүн Мирзиёев жетекчилерге айткан.

Өзбекстандын президенти убада кылбай, акчаны берип жибергендиги сыймыктанарлык экендигин айткан.

Маалыматта миллиардердин акчасын бөлө келгенде ар бир районго 20-25 миллиард сумдан тиери айтылган.

2018-жылдын сентябрь айында Алишер Усманов 65 жашка чыкты. Ал 1953-жылы Наманган районунун Чус районунда жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу USM Holdings акцияларынын ээси, тагыраагы, "Метоллоинвест" жана "Мегафон" компанияларынын активдерин көзөмөлдөп турат. Бир нече жылдан бери Россия менен дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинен түшпөй келет.

3469
Белгилер:
миллиардер, Алишер Усманов, Шавкат Мирзиеев, Россия, Өзбекстан
Тема боюнча
Мирзиёевдин кортежин намангандыктар кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды. Видео
Instagram тармагындагы белгилүү саясатчылар тизмектелди. Арасында Мирзиёев бар
Нарын дарыясы. Архив

Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө

216
(жаңыланган 13:35 14.06.2021)
Дыйкандар суу тартыштыгын айтып, нааразычылык акцияларына чыгып жаткан учурда ЖМКларда Кыргызстан Казакстанга жайында кошумча суу берет деген маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Токтогул суу сактагычынан Казакстанга эмне себептен суу берилип жатканын түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, Казакстандын жергиликтүү ЖМКлары өлкөнүн экология министринин сөзүнө таянып, бул жайда Кыргызстан менен Тажикстандан 645 миллион куб метр суу аларын жазууда.

Министрликтен билдиришкендей, ушул жылдын 2-мартында Нур-Султан шаарында, ал эми 11-мартында Ташкент шаарында электр энергиясы жаатында товар алмашуу боюнча тиешелүү министрликтердин ортосунда келишимдер түзүлгөн.

Ага ылайык, Казакстан марттан ноябрь айына чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Ал эми Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат аларыбыз айтылган.

"Жалпы жонунан 1 650 миллион киловатт-саат электр энергиясын алабыз. Аны үч жылга бөлүп, ар бир жылдын июнь-август айларында 550 миллион киловатт-сааттан кайтарып беришибиз керек. Тагыраагы, жылына Казакстанга 300 миллион, Өзбекстанга 250 миллион киловатт-саат туура келет. Буга байланыштуу 1-июндан тарта коңшу өлкөгө электр энергиясынын буга чейин айтылган көлөмүн иштеп чыгууга суу берилип жатат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Ошондой эле министрликтен келишимдин негизинде коңшу өлкөгө канча суу жөнөтүлсө, дал ошончо көлөмдө электр энергиясы алынарын кошумчалашты.

"Токтогул суу сактагычындагы суу ГЭСке гидротурбина аркылуу гана өтүп, электр энергиясы иштелип чыгат. Энергиянын ар бир киловатты каттоого алынат. Андан тышкары, суунун көлөмү тууралуу маалымат 2010-жылдан бери "Электр станциялары" ААКсынын сайтында жарыяланып келет. Суунун көлөмү ылдыйласа эле айрым жарандар сууну уурдап жатышат деп ойлошот. Бирок буга чейин эки ирет атайын комиссия ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда келип, суунун уурдалбаганына көзү жеткен", — дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, быйыл дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жаткандыктан суу маселеси курчуй баштады.

216
Белгилер:
түшүндүрмө, электр энергиясы, ГЭС, Токтогул суу сактагычы, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды
Душанбе шаары, Тажикстан. Архив

Душанбеде ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

66
Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө "Алтын чабалекей" сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат.

Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.

66
Белгилер:
тасма, фестиваль, ШКУ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Байге фонду миллион сомдук республикалык айтыш сынагы өтөт
Кыргыздын "Шамбала" тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

0
(жаңыланган 18:05 14.06.2021)
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков соңку учурда манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилгенин белгиледи.

Манасчылык мектебин ачуу менен эпостогу коошпостуктар жөнгө салынат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Талантбеков: манасчылар мектебин ачуу мерчемделүүдө

Анын айтымында, буга чейин манасчылык боюнча жалгыз Тыныбек Жапый уулунун гана мектеби болгон.

"Мектептерде "Манас таануу" сабагы кирип жатканына карабастан манасчылык мектебин ачуу зарылдыгы жетилди. Тарыхта манасчылык боюнча бир эле мектеп болгон. Ал чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунуку. Маселен, Сагынбай Орозбаков, Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов), Молдобасан Бусурманкулов, Байбагыш, Деңизбай сындуу залкар манасчылар ошол мектептен өткөндүктөн, алардын "Манасында" эпостун окуясы системалуу түрдө, иреттүү, көркөм берилген. Мектептен таалим алгандар менен андан өтпөгөн манасчылардын варианты кескин айырмаланат. Бул манасчылык деңгээлдин көтөрүлүшүнө таасирин тийгизип, кийинки муунга көркөм, бай варианттагы эпосту калтырат. Албетте, ар кимдин өзүнүн варианты бар. Маселен "Манастын" — 80, "Семетейдин" 50гө чукул, "Сейтектин" 23төй варианты айтылып жүрөт. Ушулардын ар биринин сюжетинде айырмачылык бар. Эл кайсынысын кабылдап, кимисиникин туура деши керек? Бул бир мектептен окубагандыктан улам келип чыгууда. Мына ушул кемчиликти жоюп, системалуу түрдө иш алып баруу үчүн манасчылык мектебин ачуу мерчемделүүдө", — деди Талантбеков.

Ошондой эле мектептен окууну каалагандар азыртадан даярдык көрүп баштоосу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
эпос, мектеп, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Манасчы Баянгали Алимжанов үчилтикти бириктирип казак тилинде китеп чыгарды