Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев. Архивдик сүрөт

Назарбаевдин президенттиктен эмнеге кеткени белгилүү болду

20976
(жаңыланган 11:50 20.03.2019)
Өлкөсүн 30 жылга чукул башкарган Назарбаев жаш муунга кайрылуу жасаган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Нурсултан Назарбаев президенттик кызматын тапшыруу чечимин кабыл алууга эмне себеп болгонун айтып берди. Анын элге болгон кайрылуусунун толук тексти Sputnik Казакстан агенттигине жарыяланды.

Назарбаев өз сөзүндө дүйнө бир ордунда турбастан тездик менен өзгөрүп жатканын белгилеген.

"Дүйнө бир ордунда турбайт. Жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып, глобалдык технологиялык жана демографиялык өзгөрүүлөр болуп жатат. Ар бир муундун чече турган өзүнүн тапшырмасы болот. Мен жана менин муунум өлкө үчүн баарын жасады. Жыйынтыгы сиздерге белгилүү. Дүйнө өзгөрүп, жаңы муун келди. Бул кадыресе эле көрүнүш. Алар өз учурунун көйгөйлөрүн чечиши керек. Өлкөнү мындан дагы жакшыртууга аракет жасашсын", — деди Назарбаев.

Ал ошондой эле жаш муунга кайрылуу жасаган.

"Дүйнө менен кошо биз дагы өзгөрүшүбүз керек. Казакстандын жаш муунуна кайрылам, эгемендүү Казакстанды, биздин жалпы мекенди көздүн карегиндей сактагыла! Мәңгілік ел — бул биздин эл, ата-бабаларыбыздын жери. Калкыбыздын биримдигин, маданиятын, салтын сактагыла", — деди Назарбаев.

Коңшу өлкөнүн башчысы Нурсултан Назарбаев бүгүн, 19-мартта, республикалык телеканалдардын бири аркылуу президенттик кызматын тапшырганын жар салды. Анын милдетин парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев аткармай болду.

Мамлекетин 30 жылга чукул башкарган Назарбаев тууралуу 15 факты менен таанышыңыз. Отставканын айланасында учурда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан билүүгө болот.

20976
Белгилер:
отставка, президент, Казакстан, Нурсултан Назарбаев
Тема:
Нурсултан Назарбаевдин отставкасы (22)
Тема боюнча
Эгемендүү Казакстанды сактагыла! Назарбаевдин отставкага кетишин жар салган видео
Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти. Учурда эмне болуп жатат
Казакстандын президентинин милдетин ким аткара турганы белгилүү болду
Нурсултан Назарбаев эми эмне менен алектенерин айтты