парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев

Касым-Жомарт Токаев өмүр баяны

6707
(жаңыланган 14:20 10.02.2020)
Казакстанды башкаруу укугун алган Токаевдин кесиби — дипломат, англис, кытай, француз тилдеринде эркин сүйлөйт. 2007-жылдан тарта "Нур Отан" элдик демократиялык партиясынын мүчөсү.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти. Эми мамлекет башчынын милдетин парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев аткарат.

Казакстандын Конституциясы боюнча мындай учурда президенттин калган мөөнөтү толук бүткөнгө чейин сенаттын төрагасы мамлекетти башкарат. Андан кийин шайлоо өтүп жаңы президент шайланат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коңшу өлкөнү башкарууга укук алган Токаевдин таржымалын даярдады.

Касым-Жомарт Токаев 1953-жылы Алматы шаарында туулган. Тарых, саясат таануу илимдеринин доктору. Кесиби боюнча дипломат, эки жылдай премьер-министр болгон.

Назарбаевдин мураскери тууралуу айткандары

Ал англис, кытай, француз тилдеринде эркин сүйлөй алат. Казакстан эгемендүүлүк алган күндөн тарта менин жанымда иштеп келет. Мен аны жакшы билем, ал чынчыл, жоопкерчиликтүү, ишине так. Өлкөнүн ички жана сырткы саясатын жакшы билет. Бардык программаларды анын катышуусу менен иштеп чыгып, кабыл алганбыз. Мен Токаев Казакстанды башкарууга ишенип бере турган адам экенине ишенем.

Билими

Токаев 1975-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун аяктаган. 1992-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Эл аралык мамилелер жаатында алты китептин жана бир нече макалалардын автору. Анын эмгектери Казакстанда жана башка өлкөлөрдө жарыяланган.

Эмгек жолу

1975 — СССРдин Тышкы иштер министрлигинин Сингапурдагы элчилигинде референт;

1979 — СССР ТИМинин үчүнчү катчысы, ага референти, атташе;

1983 — Пекиндеги кытай тили институтунда стажер;

1985 — СССРдин Кытайдагы элчилигинде биринчи катчы;

1993 — Казакстан Тышкы иштер министринин орун басары;

1994 — Казакстандын тышкы иштер министри;

1999 — Казакстандын премьер-министринин орун басары;

1999-жылдын октябрынан 2002-жылдын январына чейин — премьер-министрдин милдетин аткаруучу, премьер-министр;

2002 — Казакстандын Мамлекеттик катчысы;

2003 — Тышкы иштер министри;

2012 — БУУнун баш катчысынын орун басары, БУУнун Женевадагы Европа бөлүмүнүн башчысы;

2007-2011-жылдары депутат, парламент сенатынын төрагасы, 2013-жылдан ушул күнгө чейин парламент сенатынын төрагасы.

2007-жылдан тарта "Нур Отан" элдик демократиялык партиясынын мүчөсү, "Нур Отан" партиясынын Саясий кеңешинин бюросунун мүчөсү.

Үй-бүлөсү

Атасы Кемел Токаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Казакстанда белгилүү жазуучу. Апасы Турар Шарабаева чет тил мугалими болгон.

Үй-бүлөлүү. Жубайы Надежда Токаева. Бир уулу бар.

6707
Белгилер:
Касым-Жомарт Токаев, кызмат, милдет, президент, Казакстан, Нурсултан Назарбаев
Тема:
Нурсултан Назарбаевдин отставкасы (22)
Тема боюнча
Казакстанды 30 жылга чукул башкарды... Нурсултан Назарбаев тууралуу 15 факты
Эгемендүү Казакстанды сактагыла! Назарбаевдин отставкага кетишин жар салган видео
Казакстандын тез жардам кызматкерлери. Архив

COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди

219
Эрежеге ылайык, аталган аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.

Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.

Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

219
Белгилер:
абал, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды
Ким оорушу мүмкүн? Иммунолог коронавирустун жазындагы жаңы толкунуна баа берди
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин. Архивдик сүрөт

Аскар Мамин кайрадан Казакстандын премьер-министри болду

148
(жаңыланган 18:53 15.01.2021)
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Президент Касым-Жомарт Токаев Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон.

Казахстандык шахматчы кыз Жансая Абдумалик
© Фото / пресс-служба "Казахстанской федерация шахмат"
Токаев премьер-министрликке сунуштаган Маминдин талапкерлигин жаңы депутаттар колдоп берди. Залда мажилистин 99 депутаты болгон. Мамин үчүн алардын 78и добуш берсе, 21и карманган.

Добуш бербей койгон депутаттардын бардыгы "Ак Жол" менен Казакстан Элдик партиясы болду. Маминди Nur Otan партиясынын 78 өкүлү колдоп берген. Мажилисте ушул үч партиянын гана депутаттары бар.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.

Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган.

148
Белгилер:
Аскар Мамин, мажилис, премьер-министр, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандын өкмөтү отставкага кетти
Мамдума төрагасы: АКШ шайлоо өткөрүүнү Кыргызстан менен Казакстандан үйрөнсө болот
Бишкектеги аялдамаларда маршрутка күткөн эл

Бишкектеги аялдамаларда маршрутка күткөн эл адаттагыдан көппү? Сүрөт, видео

0
(жаңыланган 20:00 18.01.2021)
Мэриянын маалыматы боюнча, автобустар менен троллейбустар штаттык режимде иштеп жатат. Анткен менен аялдамаларда жүргүнчүлөр көп экени айтылды.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маршрутка айдоочуларынын иш таштайбыз дегенине байланыштуу кечки абалды байкаш үчүн Чүй проспектин, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүн көрүп келди.

Аялдамада маршрутка күтүп турган айрым шаардыктардын айтымында, бүгүн транспортту күткөндөрдүн саны башка күндөргө салыштырмалуу көп болууда. Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада турган жүргүнчүлөрдүн саны 100гө жакындаган.

  • Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маршуртка айдоочуларынын иш таштайбыз дегенине байланыштуу кечки абалды байкаш үчүн Чүй проспектиси, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүн карап келди
    Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маршуртка айдоочуларынын иш таштайбыз дегенине байланыштуу кечки абалды байкаш үчүн Чүй проспектиси, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүн карап келди
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Аялдамада маршрутка күтүп турган айрым шаардыктардын айтымында, бүгүн транспортту күткөндөрдүн саны башка күндөргө салыштырмалуу көп болууда
    Аялдамада маршрутка күтүп турган айрым шаардыктардын айтымында, бүгүн транспортту күткөндөрдүн саны башка күндөргө салыштырмалуу көп болууда
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада турган жүргүнчүлөрдүн саны 100гө жакындаган
    Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада турган жүргүнчүлөрдүн саны 100гө жакындаган
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 3
© Sputnik / Эркин Садыков
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маршуртка айдоочуларынын иш таштайбыз дегенине байланыштуу кечки абалды байкаш үчүн Чүй проспектиси, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүн карап келди

Бирок мэриянын маалыматы боюнча, автобустар менен троллейбустар штаттык режимде иштеп жатат. Коомдук транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев дагы маршрутка айдоочуларына байланыштуу окуя турукташканын билдирди.

"Бүгүн жумушка чыкпай койгон №117, 204, 128, 102 жана 139 линиясындагы айдоочулар менен сүйлөштүк. Алар ишке эртеңден тарта кайтмай болушту", — деди аткаминер.

Бейшенбаев аялдамадагы элдин көптүгү кечки жол тыгынга байланыштуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда.

0
Белгилер:
каттам, маршрутка, Бишкек
Тема боюнча
Каттамга чыкпай койгон маршруткалар. Шаардагы абалды көрсөткөн видео