Токаев ант берип, президенттик кызматына киришти

© Sputnik / Владислав ВодневПрисяга Касым-Жомарт Токаева в Казахстане
Присяга Касым-Жомарт Токаева в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш мыйзамга ылайык, Токаев мамлекетти биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин мөөнөтү аяктаганча, тагыраагы, 2020-жылга чейин башкарат.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн, 20-мартта, Казакстандын парламентинин эки палатасынын биргелешкен жыйынында Касым-Жомарт Токаевдин ант берүү аземи өттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди. 

Өлкөнүн Баш мыйзамы боюнча Токаев мамлекетти биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин мөөнөтү аяктаганча, тагыраагы, 2020-жылга чейин башкарат.

"Казак элине кызмат кылууга, Казакстандын Конституциясы менен мыйзамдарынын алкагында иш алып барууга, жарандардын укуктары менен эркиндигин коргоого жана мага жүктөлгөн милдеттеримди так аткарууга ант беремин", — деди Токаев.

Визит президента РФ В. Путина в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев отставкага кетерде Путин менен телефондон эмне тууралуу сүйлөшкөнү айтылды
Ал анттын текстин мамлекеттик тилде окуду.

Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев кечээ, 19-мартта, республикалык телеканалдардын бири аркылуу президенттик кызматын тапшырганын жар салган. https://sputnik.kg/asia/20190319/1043695201.html Анын мындай кадамы күтүүсүз болуп көптөрдү таң калтырды. Назарбаев Казакстанды эгемендүүлүк алган жылдан тарта башкарып келген. Анын президенттик мөөнөтү 2020-жылы соңуна чыкмак. Эми ага чейин мамлекетти башкаруу укугу парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өттү. Ал Назарбаевдин калган мөөнөтү бүткөнгө чейин иштеп, андан соң шайлоо өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0