Виды Астаны. Архивное фото

Токаев Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүүнү сунуштады

471
(жаңыланган 12:51 20.03.2019)
Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев ант берди.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Казакстандын борбору Астананы Нурсултан деп өзгөртүү керек. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев ант бергенден кийин билдирди.

"Елбасынын эл алдында эмгеги абдан чоң. Ошондуктан анын улуу ысымын түбөлүккө калтырышыбыз керек", — деди Токаев.

Ал ошондой эле Казакстан Нурсултан Назарбаевдин арты менен Борбордук Европада жана постсоциалисттик өлкөлөр ичинде лидер болгонун кошумчалады.

"Биздин борбор калаа биринчи президент Нурсултан Абишевич Назарбаевдин ысымын алышы керек. Эске салгым келет, мындай сунуш Казакстандын 25 жылдыгында, 2016-жылы парламенттин депутаттары тарабынан дагы берилген", — деди Токаев. 

Жаңы президенттин бул демилгесин парламентарийлер кол чаап коштоду.

Мындан сырткары, Токаев Елбасынын бардык портреттери мамлекеттик органдарда жана билим берүү мекемелеринде ардактуу орунда турарын кошумчалады.

471
Белгилер:
Астана
Тема боюнча
Назарбаевдин Фрунзедеги жаштыгы жана Ысык-Көлдөгү резиденциясы
Назарбаев ата кетип калды... Шолоктоп ыйлаган казак кыздын видеосу
Казакстанды 30 жылга чукул башкарды... Нурсултан Назарбаев тууралуу 15 факты
Назарбаев отставкага кетерде Путин менен телефондон эмне тууралуу сүйлөшкөнү айтылды