Токаевдин Астананын атын өзгөртүүгө укугу жок. Эмнеге таянып жатышат

© REUTERS / Mukhtar KholdorbekovКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Юстиция министрлиги борбор калаанын атын өзгөртүү процесси кандай болоруна толук түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Казакстандын Юстиция министрлиги жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө укугу жок экенине карабай, Астананы Нур-Султан деп кантип өзгөртүп жатканына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Министрлик Астананын атын өзгөртүүдө Конституция бузулбаганын маалымдады. 48-беренеге ылайык, өз мөөнөтүнөн мурда кетип жаткан президенттин милдеттерин өзүнө алган өлкө башчысы Конституцияга өзгөртүү киргизип, башка демилгелерди берүүгө укугу жок. Өзгөртүүлөр бир гана республикалык референдум аркылуу ишке ашышы мүмкүн. Аны өткөрүүнү парламент же өкмөт гана сунуштай алат. Президент болсо аны артка кайтарып же колдойт.

"Ошол эле учурда Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу сунушту президент парламенттин кароосуна киргизсе, ал республикалык референдумга чыгарылбайт", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаев - Sputnik Кыргызстан
Токаевдин атасынын Фрунзедеги трагедиялуу турмушу. Китептеги баяндан
Парламент өлкөнүн негизги мыйзамынын 53-беренесине таянуу менен Конституцияга өзгөртүү киргизе алат. Ошол эле 53-беренеде парламент президенттин сунушу менен палаталардын биргелешкен жыйынында Конституцияга өзгөртүү менен толуктоолорду киргизе алары так жазылган.

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев кызматка киришери менен эле Астананы Нурсултан деп алмаштырууну сунуштап, аны парламент колдоп берген. Бирок Казакстандын борбор калаасынын атын өзгөртүү боюнча Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө кол коюла элек. Колду президент Касым-Жомарт Токаев коюшу керек.

Бул аракеттер коом арасында түрдүү пикирлерди жаратып, алды 22-мартта каршылык акциясына чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0