Казакстандын борбор калаасы. Архив

Астана шаары эми расмий түрдө Нур-Султан деп атала баштады

319
(жаңыланган 15:41 23.03.2019)
Өлкө башчысы Баш мыйзамга кире турчу өзгөртүүлөргө да кол койду.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев борбор калаа Астананы Нур-Султан деп атоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

"Казакстан Республикасынын 1993-жылдын 8-декабрында кол коюлган мыйзамындагы 9-беренеге ылайык, борбор калаа Астананы Нур-Султан деп өзгөртүүгө буйрук кылам", — деп жазылат документтин текстинде.

Жарлык Акордонун сайтына жарыяланып, расмий чыккандан кийин күчүнө кирмекчи.

Белгилей кетсек, борбор шаардын атын өзгөртүү демилгеси Касым-Жомарт Токаевге таандык. Сунушту ал президент катары ант бергенден кийин эле айтып, парламент тарабынан колдоого алынган.

Токаев Казакстанды 30 жылга чукул башкарган Нурсултан Назарбаевдин отставкасынан кийин 2019-жылдын 20-мартында президент болду.

319
Белгилер:
Астана, Касым-Жомарт Токаев, Нурсултан Назарбаев
Тема боюнча
Казакстанда Астананын атын өзгөртүүгө каршы митинг өтүп, ондогон киши кармалды
Токаевдин Астананын атын өзгөртүүгө укугу жок. Эмнеге таянып жатышат
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышуу учурунда

Шавкат Мирзиёев Ташкентти кеңейткени жатат

121
(жаңыланган 08:31 06.08.2020)
Негизи эле мамлекет башчы адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн борбору Ташкент шаарын кеңейтүү боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Жалпысынан Ташкенттин аймагына дагы 9 381 гектер кошуу пландалууда.

“Шаардын инфраструктурасы кеңейип, элдин саны өсүп бара жатат. Мындан улам Мирзиёев быйылкы жылдын май айында Ташкентте “Янги хаёт” (“Жаңы жашоо”) деп аталган жаңы район курууну сунуштаган”, — деп айтылат кабарда.

Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен сый болууга чакырды

Ошондой эле президент адистерге борбор калаанын генералдык планын кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

 

121
Белгилер:
курулуш, шаар, аянт, Шавкат Мирзиеев, Ташкент
Тема боюнча
Атам колунан келгенин кылып жатат. Мирзиёевдин кызы элине кайрылды
Күзгө жетип деле калды. Өзбекстанда карантин мөөнөтү дагы узарды
Чек ара. Архив

Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү

249
(жаңыланган 00:24 06.08.2020)
Оренбург менен Самаранын жанындагы чатыр шаарчанын жашоочулары үйүн көздөй жөнөдү. Кыргызстан жарандары Россиядан автобус менен жолго чыкты. Ал эми Өзбекстан атуулдарын жуманын түнүндө поезд менен алып чыгып кетишет.

Алексей Стефанов

Кыргызстан менен өзбекстандык мигранттар Самара менен Оренбург облустарынын админстративдик чек арасында россиялык тарип сактоочулар менен чырдашты деп ЖМКлар жаза баштаганда, маселе чечилип калган.

Казакстандын жанындагы аймакта үч лагерь пайда болгон. Оренбургдун Бузулук, Самаранын Большечерниговск райондорунда, үчүнчүсү эки аймактын чегиндеги админстративдик трассанын бойлой жайгашкан. Чатак дал ушул үчүнчүсүндө чыккан.

Россия-казак чек арасында чогулган кыргыз, өзбек мигранттары эртең мекенине жөнөтүлөт

Лагерлерде мекенине жетүүнү каалаган Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары жашап турган. Бирок жабылган чек арага туш келди. Алар бул аймакка кокустан келген эмес, мигранттар алдамчы мекендештеринин айтканына ишенип жолго чыккан.

Оренбург облусунун админстрациясы: колдон келишинче жардам бердик

"Бардык мамлекеттердин өкмөттөрү мигранттардын үйүнө жетип алышына жардам кылыш керек деген чечимге келип, жол ачып, кордидор уюштуруп берген. Кыргыздар эки миңден көбүрөөк эле, эки күн жолго чыгышты. Акыркыларын салган автобус да жөнөп кетти. Ал эми өзбектер 700гө чукул. Учурда Бузулук-Ташкент поезд каттамына билет алышууда, бейшемби түнү үйүнө кетет", - деп айтып берди Sputnik агенттигине Бузулуктун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Татьяна Успанова.

Ал мигранттардын арбын бөлүгү талаада пайда болору менен райадминстрация Россияда калып калган бул калкка зарыл шарттарды түзүп берүү үчүн болгон аракетин кылгандыгын айтты. Тигилген чатырларга электр кубатын тартып алып келген, иче турган жана техникалык суу менен камсыздаган, таштанды салуучу контейнерди орноткон. Ажатканаларды курган.

Албетте, булар айылдагыдай болгону менен жоктон көрө жогору эле. Ага чейин бул жерде адам жашабаган ээн талаа болгонун Успанова кошумчалаган.

Оренбургдан келчү мекендештерди ташыган 43 автобус жолго чыкты

"Лагерге мекендештери келип мигранттарга жардам берип жатышты. Ишкерлер аларга жумуш сунуштаганы менен, эч ким иштей турган каалоосун билдирген жок. Кыязы, жашап турганга каражаттары бар окшойт. Биздин лагерь аркылуу үч миңге чукул мигрант өтсө, алардын 10го жакыны гана ишке чыгып, калганы жөнөп кетчү күндү күтүп отурушту", - деп айткан Успанова.

Гастарбайтерлер алдамчы-таксисттердин торуна түшүп калышты

"Азыр Бузулук районундагы лагерь жабылды, эл кетүүгө камынып отурушат", - деди ал.

"Бул деген алдамчылык да, эл социалдык тармакка жазылгандарга ишенип алыптыр. Анда бул жерде үйүнө кетебиз деген гастарбайтер пансиоанат, санаторийлерге жашап турат деп айтылган экен. Эки адам бир бөлмөгө жайгаштырылат жана үч маал тамак берилет дешиптир. Анан бизге Россиянын булуң-бурчтарынан – Москвадан, Сахалинден, Воронеж, Пермь, Краснодар, Тюменден келе башташыптыр… Бул жерге жеткенде эч нерсеси жок талаага туш болушту", - дейт ачууланган Успанова.

Ал улуттук топтордогу мындай билдирүүлөр токтобосо, ээн лагердин жанына чатырлар кайрадан тигилиши мүмкүн деп чочулап жатканын айтты. "Мен элди аяп жатам — алар ишенип, талаага келип жатышат".

"Ооба, туура, мындай маалыматты таксисттердин Telegram каналы таратат. Алар мигранттарды Өзбекстанга алып кетүүнү сунуштап, көп акча алышкан, бирок чек арадан жүргүнчүлөрдү таштап, өздөрү артка кетип калышкан", — деп билдирди Өзбектер жана өзбекстандыктардын бүткүл Россиялык конгрессинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Диляра Сабирова.

Ал ушул күндөрдө мекендештерине күйүп-бышып жардам берип, көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылып жатты.

"Биз Өзбекстандын жарандарын мекенине жөнөткөнү жатабыз. Бүгүн аталган өлкөнүн башкы консулу келип, аны менен биргеликте адамдардын санын аныктап, тизмесин түздүк. Эми 7-августка караган түнү Өзбекстанга эки курам жөнөтүлөт", — деди Сабирова.

16 вагондон турган бир поезд Оренбург облусундагы Бузулук станциясына, ал эми 20 вагондон турган экинчи поезд Самара аймагындагы Кинель станциясына келип, жума күнү кечинде 1500 адам Ташкентке кайтат.

"Бул жолкусунда маселеге олуттуу карадык. Кечээ түнкү саат бирге чейин тизмени түзүп, бүгүн бардыгын компьютерге тердик. Өткөндө жагымсыз жагдайга туш болдук эле, тагыргаагы, июль айынын орто ченинде мигранттарды поездге түшүрө баштаганда, ал жакта чоочун адамдар бар экени белгилүү болду. Эми мындай кырдаалга жол берилбейт, жөнөтүүнүн бардык процесси көзөмөлдөнөт", — деди Сабирова.

Ошондой эле Сабирова Кыргызстандын бардык жарандары лагердеги чатырлардан кеткендигин тастыктады. Ал эми Өзбекстандын жарандары билеттерди алып, поезддин келишин күтүп жатышат. Анын айтымында, Самара жана Оренбург облустарынын администрациясы мигранттар темир жол бекеттерине жетип алышы үчүн автобустарды беришет, андан кийин үйлөрүнө кетишет.

"Албетте, кыйынчылыктар дагы бар. Мисалы, бир адамды Новороссийскиден автоунаа менен алып келишкен, ал үчүнчү кабаттан кулап түшүп, өтө оор жаракат алган экен. Операция араң жасалган. Ал азыр деле автоунаада жатат, айланадагылар жардам берип атышат. Чартердик рейс жок болгондуктан, учак менен алып кете албай койдук. Кечээ бирөөлөр менен сүйлөшкөндө аны станцияга чейин алып барууну, мүмкүн болсо поезд менен жөнөтүүнү суранганбыз. Балдак таянган дагы эки киши бар, аларды тез арада мекенге кайтарышыбыз керек. Дагы кош бойлуу үч аял жана үч бала бар", — деп сөзүн жыйынтыктаган Сабирова.

Ал ойлогон ою ишке ашып, эл аман-эсен үйүнө жетип аларына үмүт артып турганын кошумчалады.

249
Белгилер:
поезд, автобус, коронавирус, мигранттар, Казакстан, Самара, Оренбург, Россия
Тема боюнча
Миңдеген кыргызстандыктар Россия менен каттамдын ачылышын күтүп жатат
Дарылар. Архив

Кыргызстанда коронавируска каршы кайсы дарылар жетишсиз. Тизме

31
(жаңыланган 16:18 06.08.2020)
Жетишпей жаткан дарылардын бардыгы коронавирус жана пневмония илдетинин оор жана өтө оор формаларын дарылоо үчүн зарыл.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева өлкөдө дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча кырдаал турукташып калганын, бирок айрым препараттар тартыш болуп жатканын брифингде маалымдады.

Анын айтымында, өлкөдө азыр төмөнкү дарылар тартыш болууда:

  • надропарин (фраксипарин)
  • натрийдин эноксапарини
  • кларитромицин
  • пиперациллин-тазобактам
  • мидазолам.

Булар коронавирус жана пневмония илдетинин оор жана өтө оор формаларын дарылоо үчүн зарыл.

"Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо уюмдарында акча каражаты жетиштүү. Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу департаментинен билдиргендей, бардык дары-дармек Кыргызстандын рыногунда бар. Ушуга байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине кайрылып кетким келет. Колдо болгон ресурстарды пайдаланып, калкты дары-дармек, дезинфекциялоочу каражат жана медициналык буюмдардын запасы менен камсыз кылыңыздар", — деди Боронбаева.

Ал жыл башынан тартып медиктердин компенсациялык төлөмдөрүн жүргүзүүгө 623,8 миллион сом төлөнүп берилгенин кошумчалады.

31
Белгилер:
дарылоо, коронавирус, каражат, ММКФ, дары-дармек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги