Казакстандын желегин кармаган жарандар. Архивдик сүрөт

Казакстанда Астанадан кийин дагы үч шаардын атын өзгөртүү сунушталды

590
(жаңыланган 17:58 25.03.2019)
Саясатчылардын бири үч шаарга тарыхый инсандардын атын ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыкты.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Казакстандын "Ак жол" демократиялык партиясынын төрага орун басары Казбек Иса Астананын артынан дагы үч шаардын аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазууда.

Ал 25-март күнү "Казакстан - 2050" деп аталган Демократиялык күчтөрдүн жалпы улуттук коалициясынын жыйынында Петропавловск, Семей жана Павлодар калааларына казак элинин тарыхый инсандарынын атын берүүнү айтып чыккан.

"Петропавловск шаарына Абылай хандын, Павлодарга Кененсарынын, Семейге Алихан Букейхановдун атын берүү керек. Бул менин жеке оюм, аны фракция менен жыйындарда талкуулайбыз", — деди Иса.

"Ак жол" - Казакстандын мажилисинде (төмөнкү палата) депутаттык фракциясы бар парламенттик партия.

Белгилей кетсек, 19-март күнү Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетип, өлкө башчылыгына Касым-Жомарт Токаев дайындалган. Ал ант бергенден кийин эле Астана шаарын Нур-Султан деп өзгөртүүнү сунуштап, тийиштүү жарлыкка 23-март күнү кол койгон.

590
Белгилер:
шаар, сунуш, Астана, Казакстан
Тема боюнча
Астананын Нурсултан болуп өзгөрүшүн Назарбаев кандай кабыл алган