Касым-Жоомарт Токаевдин президент катары бара турган биринчи өлкөсү айтылды

© REUTERS / Mukhtar KholdorbekovКазакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев. Архив
Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн башчылары кызматташуу маселелерин талкуулап, бир катар документтерге кол коет.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаевдин биринчи чет өлкөлүк сапары Россияга болот. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Ак ордонун сайты иш сапар 3-апрелге пландалгандыгын билдирди.

Россиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев кызматтан кетерин Путинге качан айтканы белгилүү болду
Россия менен Казакстандын башчылары кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана актуалдуу болгон аймактык маселелер көтөрүлөт. Сапардын жыйынтыгы менен эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

Буга чейин Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Токаевди Москва чакыргандыгын билдирген.

Казакстан президенти буга чейин Россия президентинин жардамчысы Андрей Фурсенко менен жолуккан.

"Мамлекеттин башчысы катары милдетим — Нурсултан Назарбаев менен Владимир Путин негиздеген эки тараптын кызматташуусуна кошумча дем берүү", — деген Токаев.

Токаев Казакстандын президенттигине Назарбаев оставкага кеткенден кийин, 2019-жылдын 20-мартында, киришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0