Казакстандын жаңы президенти алфавитти алмаштырууга пикирин айтты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. Отборочный матч ЧЕ-2020. Казахстан - Россия
Футбол. Отборочный матч ЧЕ-2020. Казахстан - Россия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өткөн жылдын 19-февралында Казакстанды жаңы алфавитке өткөрүү боюнча документке кол койгон.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Казак тилинин латын тамгасына өтүшү руханий модернизациянын маанилүү тепкичи боло алат. Бул тууралуу жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин айтканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Алфавитти алмаштыруу — жөн гана латын тамгасы менен жазып калдык дегенди түшүндүрбөйт. Казакстан өнүгүп бара жаткан заман менен эриш-аркак жүрөт. Азыр дүйнө жүзү боюнча 90 пайыз маалымат латын тамгалары менен жазылат. Латын тамгасына өтүү — руханий модернизациянын маанилүү тепкичи", — деди Токаев.

Президент кошумчалагандай, учурда айрым ишканалар толугу менен латын алфавитин колдонуп жатат. Бирок жалпы Казакстанды мындай жазууга өткөрүү акырындык менен ишке ашмакчы.

Өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өткөн жылдын 19-февралында Казакстанды жаңы алфавитке өткөрүү боюнча документке кол койгон. Латын алфавитине 2025-жылдын аягына чейин толугу менен өтүү пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0