Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев классташтары жана бала кезиндеги достору менен кезикти

Назарбаев классташтары жана бала кездеги достору менен жолукту. Сүрөт

3377
(жаңыланган 10:56 03.04.2019)
Мурдагы өлкө башчы туулган айылына барып, балалыгын эстеди.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев классташтары жана бала кезиндеги достору менен кезикти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Жолугушуу Алматы облусунун Карасай районунда өттү. Буга чейин ал өзү туулуп-өскөн Шамалган айылына барган.

1 / 2
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев классташтары жана бала кезиндеги достору менен кезикти.

"Кичи мекениме келгенде ар дайым балалыгым эсиме түшөт. Өлкөнүн бактылуу келечеги, өсүп-өнүгүшү үчүн көп эмгектендим, татаал жолду басып өттүм. Катуу чарчаган учурда Шамалгандын көчөлөрүн, атам экөөбүз чогуу баскан тоо этектерин эстеп, дароо эс ала түшчүмүн", — деди Назарбаев.

Классташтары мектептеги кызыктуу күндөрдү эске салып, аймактагы жасалып жаткан иштер боюнча кеп кылышты.

3377
Белгилер:
айыл, жолугушуу, Нурсултан Назарбаев, Казакстан
Тема боюнча
Токаев: башкаларчылап элибиз аянтка чыккан жок. Казак башчысынын маеги
Алтын түстүү чапанчан Назарбаев жаңы президент менен чогуу элди куттуктады. Сүрөт
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга барды

134
(жаңыланган 19:54 28.10.2020)
Жумушчу сапардын алкагында Руслан Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугат.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 28-октябрда, Казакстанга жумушчу сапары менен барды.

Сапардын алкагында Руслан Казакбаевдин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Казакбаев Казакстандын бир катар мамлекеттик органдарынын жана коммерциялык уюмдарынын жетекчилери менен баарлашат.

“Эки тараптуу жолугушуу учурунда саясат, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук сферасы жана башка кызыкчылыктар талкууланат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Руслан Казакбаев Россияга барып кесиптеши Сергей Лавров менен баарлашкан.

134
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда
ТИМ жетекчиси Казакбаев: өлкөдөгү башаламандыкка сырткы күчтөр да аралашты
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архивдик сүрөт

Кытай ЕАЭБ менен соода-сатыкты күчөтүүгө даяр экенин билдирди

77
(жаңыланган 16:17 27.10.2020)
Кытай аткаминеринин айтымында, КЭР Евразия регионунун гүлдөгөн келечеги үчүн ЕАЭБдин бардык мамлекеттери менен иштешүүгө макул.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кытай ЕАЭБ менен соода-сатык иштерин мындан дагы кеңейтүүгө даяр. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары Ван Шоувэнь билдирди.

Ал "Евразия экономикалык бирикмеси менен "Бир алкак — бир жол" долбоорунун байланышы" видеофорумунда сүйлөдү. Шоувэндин билдирүүсү форумдун Telegram-каналына жарыяланды. 

"Кытай ЕАЭБ мамлекеттери менен эки тараптуу соода-сатык иштерин жүргүзүүгө кызыкдар. Ошондой эле эки жактуу инвестиция, өндүрүш, курулуш, инфраструктура, кызмат көрсөтүү тармактарында алаканы күчөтүү керек", — деди Шоувэнь.

Сазыков: маркалоонун максаты — ЕАЭБге товарды тоскоолдуксуз экспорттоо

Анын пикиринде, бул нерсе Кытай — Европа алкагынын ролун бекемдейт. Кытай — Европа темир жол долбоорунун институттук механизмин киргизүү жолун талкуулап, бардык тараптардын ыңгайына карап иш баштоо зарыл.

Ошондой эле ал Кытай Евразия регионунун гүлдөгөн келечеги үчүн ЕАЭБдин бардык мамлекеттери менен иштешүүгө каршы эмес экенин кошумчалады.

77
Белгилер:
соода, экономика, Кытай, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК: мамлекеттер өзү менен өзү боло берсе, экономикасы чоң жоготууга учурайт
Министр: ЕАЭБ өлкөлөрү бир катар товарлардын экспортун көбөйттү
Министрлер ЕАЭБ менен Кытай кызматташтыгын талкуулайт
Өрт өчүрүү учурунда. Архив

Токмокто базар өрттөнүп, аны өчүрүп жатышат. Видео

0
(жаңыланган 23:27 28.10.2020)
Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагындагы жалынды өрт өчүрүүчүлөр чектегендигин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Базардагы дүкөндөрдүн бириндеги тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткен. Жалынды саат 21:12де чектөөгө алышкан.

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү