Гүлнара Каримова кайсы абакта экенин адвокаты айтып берди

© AFP / Amy Sussman / GETTY IMAGES NORTH AMERICAДизайнер Гульнара Каримова в Нью-Йорке
Дизайнер Гульнара Каримова в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаза өтөө тартибин бузду деген негиз менен Каримова ушул жылдын 6-мартында колонияга которулган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти, ыраматылык Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова №21 Зангиатин аялдар колониясында кармалып турат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Анын адвокаты Грегуар Манжанын Twitter баракчасына жазганына караганда, кардары менен жолугушууга аракет кылып, эки күндөн бери аталган колонияга барууда.

День рождения основателя ювелирного дома De Grisogono - Sputnik Кыргызстан
Абактагы Гүлнара Каримова жанын кыйдыбы? Прокуратуранын жообу
Белгилей кетсек, 2017-жылы Каримова 10 жылга эркинен ажыратылып, жарым жылдан кийин өкүм жумшартылган. Ага ылайык, мөөнөтү беш жыл деп белгиленип, жазасын Ташкенттеги кызы Имандын үйүндө жашап өтөмөк. Жаза өтөө тартибин бузду деген негиз менен Каримова ушул жылдын 6-мартында колонияга которулган. Көп өтпөй, социалдык тармакта анын өз өмүрүнө кол салганы тууралуу билдирүүлөр тараган.

Башкы прокуратура эки кылмыш ишинин негизинде Каримова келтирген чыгым 2 миллиард долларга жеткенин билдирген. Өзбекстан анын 12 өлкөдөгү активдерин камакка алууну демилгелеген. Эсептей келгенде, акчалардын жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга жеткени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0