Жубайы менен балдарын чыркыратып... Мас айдоочу кырсыктаган видео

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба я пьянством за рулем в Кыргызстане
Борьба я пьянством за рулем в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдан айдоочу жубайы менен балдары унааны токтот деп өтүнгөнүнө карабай катуу ылдамдыкта бара жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Казакстандын Атырау шаарында 29-мартка караган түнү жол кырсыгы болгонун Tengrinews жазды.

Маалыматка караганда, Toyota Hiace үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып Nissan автосу менен павильонду сүзгөн. Унаада айдоочунун аялы жана эки баласы болгон. 2012-жылкы уулу Атырау облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Медиктер анын жашоосуна коркунуч жок экенин билдиришти.

Интернетке окуянын видеосу дагы жарыяланды.

Кадрдан айдоочу жубайы менен балдары унааны токтот деп өтүнгөнүнө карабай катуу ылдамдыкта бара жатканын көрүүгө болот.

33 жаштагы айдоочу Арман Мусагалиев конокко барып мас болуп калганын жана ошол күнү эмне болгону эсинде жок экенин билдирген.

"Негизи өзүм ичимдик ичпейм. Кээде эле ашып кетсе эки бөтөлкө сыра ичип койгонум болбосо. Ошол күнү үй-бүлөм менен досумдун туулган күнүнө барганбыз. Алдын ала досторума чалып, ичимдик иче турганымды, алардан мени жана үй-бүлөмдү үйгө жеткирип коюуларын сурангам. Кайсы бир маалда акылымды жоготуп койдум. Рулга кантип отуруп алганым эсимде жок. Жубайым менен балдарымдын кыйкырыгын да уккан жокмун. Дүкөндү сүзгөндө гана өзүмө келдим" — деди Мусагалиев.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суу: 61 жаштагы кишини сүзүп качып кеткен айдоочу табылды
Ал ошондой эле жол кырсыгынан кийин Тез жардам келип жети жаштагы уулун ооруканага алып кеткенин билдирди. Айдоочу камкор ата экенин жана эч качан ичип-чекпегенин кошумчалады.

Айыпкер учурда төрт жаштагы кызы менен үйүндө. Жубайы баласын карап ооруканада экени айтылды.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0