Тажикстанда туулган күнүн достору менен тоскон ырчы айып төлөдү

© Sputnik / Амир ИсаевТаджикская эстрадная певица Фируза Хафизова
Таджикская эстрадная певица Фируза Хафизова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө туулган күндү туугандары менен гана майрамдоого уруксат берилет.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Тажикстандын соту эстрада ырчысы Фируза Хафизованы туулган күнүн достору менен 5 миң сомони ( 530 долларга жакын) төлөп белгилегени үчүн айыпка жыкты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Айыпты Душанбе шаарынын райондук сотторунун бири салган. Ырчы "Салтанаттарды, салтты, үрп-адаттарды тартипке келтирүү" мыйзамынын негизинде күнөөлүү деп табылган.

"Мыйзамга ылайык, жарандар туулган күнүн үй-бүлөсү менен тосуп досторун, артисттерди чакырбай майрамдай алат. Ырчынын салтанат менен майрамдап жатканы Instagram баракчасына жарыяланып, ал сотто далил катары колдонулган", — деп айтып беришкен соттон.

Өзбекстандык ырчылар концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду
"Салтанаттарды, салтты, үрп-адаттарды тартипке келтирүү" мыйзамы 2007-жылы 8-июнда кабыл алынып, кийин 2017-жылы каттуулатылган. Мыйзамга ылайык, жеке адамдар туулган күнүн үй-бүлөсү менен гана белгилеши керек, башкаларды, анын ичинде артисттерди чакырып ырдатууга, андан сырткары, мал союуга тыюу салынат. Тажик бийлиги бул документ менен чыгымы көп той-аштарды жоюуга аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0