Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида. Архивдик сүрөт

Мирзиёевдин улуу кызы Өзбекстанда кызматка дайындалды

2715
(жаңыланган 21:58 12.04.2019)
Президенттин кичүү кызы Шахноза Мектепке чейинки билим берүү министрлигине караштуу башкармалыктардын бирин жетектейт.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида республикадагы Маалымат жана массалык коомуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басарлыгына дайындалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Бүгүн, 12-апрелде, аталган агенттикте кеңейтилген курамдагы жыйын өтүп, президенттик администрациянын башчысы Зайнилобиддин Низомиддинов жетекчиликтин жаңы курамын эмгек жамаатка тааныштырды. Алардын арасында президенттин да кызы болгон.

Иш-чаранын катышуучулары агенттик менен өкмөттүн, Олий Мажилистин (парламент) өз ара кызматташуусун, маалымат саясаты жаатындагы иштеле турган кадамдарды талкуулашкан. Алардын ичинде "маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча системалуу иш" деген пункт да болгон.

Президенттин кичүү кызы Шахноза Мирзиёева Мектепке чейинки билим берүү министрлигине караштуу башкармалыктардын бирин жетектейт.

2715
Белгилер:
президент, Шавкат Мирзиеев, Өзбекстан
Тема боюнча
Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы президенттеринин балдары эмне менен алек?
Балдарынын миллиардды чапчыган бизнеси. Постсоветтик өлкө башчыларынын уул-кыздары