Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды.

Казакстандын ажосу Өзбекстанга келди. Ким тосуп алды?

2426
(жаңыланган 10:07 15.04.2019)
Касым-Жомарт Токаевдин президенттик ишмердүүлүгү башталгандан тарта бул чет өлкөгө чыккан экинчи сапары.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 14-апрелде, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан билдирди.

Ташкенттеги эл аралык аба майданда жогорку даражалуу конокту Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алган.

1 / 2
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 14-апрелде, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды.

Сапардын негизги иш-чаралары бүгүн, 15-апрелде, Көк-Сарай резиденциясында болот. Президенттер тар чөйрөдө жана делегациянын катышуусунда кеңири курамда жолугуп, сүйлөшүүлөр уланат. Анда аймак аралык өз ара кызматташуу, эки тараптуу алакаларды бекемдөө туурасында кеп болот. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен маанилүү делген бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Эки президент Өзбекстандагы Казакстан жылынын расмий ачылышынын салтанатына катышат.

Токаевдин президент катары биринчи сапары Россияга жасалган.

2019-жылдын 19-мартында Нурсултан Назарбаев Казакстандын президенттигинен кетип, ордуна 20-мартта Касым-Жомарт Токаев келген.

2426
Белгилер:
мамлекеттик сапар, Касым-Жомарт Токаев, Ташкент, Өзбекстан, Казакстан
Тема боюнча
Казакстандын жаңы президенти Токаевдин атасы Фрунзеде чоңойгон