Ачык кийинип чыкканы үчүн казак коомчулугунда сөзгө калган модель жана экс-депутат Динагүл Тасова. Архив

Казакстандык экс-депутат чуу жараткан көйнөктү эмнеге кийгенин айтып берди

2746
(жаңыланган 12:30 19.04.2019)
Тасова маек учурунда аялдардын укугу боюнча теманы көтөрүп, кыз-келиндердин өз денесин эмне кылары жеке иши экендигин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ачык кийинип чыкканы үчүн казак коомчулугунда сөзгө калган модель жана экс-депутат Динагүл Тасова подиумга чыккан учурлары жана элдин сөзү боюнча комментарий берди.

Декабрь айында Тасова Fashion Night Astana мода жумалыгында Казакстандагы "уятмендердин" кыжырына тийген көйнөк менен подиумга чыккан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Фотограф Астана/Караганда (@by.alina.p)

Андан бир нече айдан кийин ал модель кайрадан казакстандыктардын оозуна алынып, тилдеген жана колдогондордун реакциясын жаратты.

Мындай окуялардан кийин Sputnik Казакстан моделди кепке тарткан. Ал маек учурунда аялдардын укугу боюнча теманы көтөрүп, кыз-келиндер өз денесин эмне кылганы жеке иши экендигин айтып, үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча да кеп салган.

Жакында эле Kazakhstan Fashion Week мода жумалыгына катышкан Тасованын жылдызы кайрадан жанды. Өзүнүн айтымына караганда, эл анын подиумга чыгышын чыдамсыздык менен күткөн.

Кыз биринчи күнү грузин дизайнери Кети Чхиквадзенин колунан чыккан алиги чуулгандуу күйнөктү кийип, подиумда баскан.

"Кети жаркылдаган жакшынакай адам экен. Кастинг болгондо дароо эле мени тандап алып, "сизди тааныдым!" деди. Адегенде мага тор көйнөктү сунуштады. Карасам, өтө эле ачык экен, ал тургай белден ылдый жагы, тагыраагы, ич кийимдериң көрүнүп калчудай. Аны кие албастыгымды айтсам, азыр чуу жаратып жаткан экинчи көйнөктү сунуштады. Карасам, мен декабрда кийген көйнөккө окшошуп кетет экен", — деп айтып берген Тасова.

Ал подиумдагы бул эмгекти романтикалуу жана учуп тургандай экен деп баалап, анын миң доллардан кымбатыраак турарын кошумчалаган.

"Декабрдагы көргөзмөдөн кийин көптөр таанып калды. Мага элдин кызыга баштагандыгын сездим, бул менин ишимдин бир бөлүгү деңизчи. Сүрөттөрүм биринчилерден болуп прессага тарап кетти. Муну кандай кабыл алышты? Жалпысынан жакшы эле болду. Эгерде бирөөлөргө жакпаса, кыжырын кайнатса, ал мен эмес, өздөрү жөнүндө айтып жатышат. Модель батымдуу болушу кажет. Мода көргөзмөсү — шоу. Шоудагы кийимдер элдин күнүмдүк кийимдеринен айырмаланып турушу зарыл", — деген Тасова.

Ал Казакстандагы мода дүйнөсү тууралуу айтып жатып, чет элдик дизайнерлер арасында Казакстандын көзү кичирээк, бирок жаагы узун кыздары бааланарын кошумчалаган.

2746
Белгилер:
модель, Казакстан
Тема боюнча
Чуулуу экс-депутаттын төшүн кайрадан жылаңачтап чыккан сүрөтү жарыяланды
Казакстандын жол кызматынын полиция кызматкерлери. Архив

Алматы: блокпостту сүзгөн айдоочу полициянын мурдагы кызматкери болуп чыкты

84
(жаңыланган 11:42 26.05.2020)
Блокпостту сүзгөн айдоочу алты жыл полицияда иштеп, начар кызмат өтөгөндүктөн, жумушунан кол жууганы маалым болду.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында жүрөк үшүн алган жол кырсыгына себепчи болгон айдоочу мурдагы полиция кызматкери экени аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналы маалымдады.

Эске салсак, кечээ, 25-майда, 26 жаштагы айдоочу (буга чейин 28 жаш деп айтылган) блокпостту сүзүп, анын кесепетинен эки полиция кызматкери көз жуумп, үчүнчүсү оор абалда ооруканага түшкөн. Полициянын айтымында, ал мас болгон.

"Блокпостту сүзгөн мас айдоочу алты жыл полицияда иштеп, начар кызмат өтөгөндүктөн, жумушунан кол жууган. Ага төрт жолу дисциплинардык чара көрүлгөн. Кылмышка шектүү 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат же өмүр бою абакка кесилет",— деп айтылат маалыматта.

Каза болгон автоинспектордун бири, 42 жаштагы Жарас Жангазиевдин артында эки кызы калды. Ал ички иштер органдарында 20 жылдай кызмат өтөгөн.

Кырсыктын курмандыгы болгон экинчи жаран, полициянын сержанты Дастан Абдыканов 26 гана жашта  болгон. Төрт жыл ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Анын үй-бүлөлүү экени, бир ай мурда эле кыздуу болгону айтылды.

84
Белгилер:
кырсык, полиция, айдоочу, блокпост, Алматы, Казакстан
Тема боюнча
Ош—Бишкек жолундагы автокырсык: каза тапкан айдоочу бир үйдүн жалгыз уулу болгон

Алматыда эмерек цехинде жарылуу болду. Видео

89
Дээрлик миң чарчы метрге жайылган жалынды өрт өчүрүүчүлөр таңкы саат алтыда чектөөгө алган. Учурда жеринде 19 атайын техника жана 65 өрт өчүрүүчү иштеп жатат.

Алматы шаарында таңкы саат беш чамасында эмерек цехинде жарылуу болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаментине таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Мустай Карим көчөсүндөгү имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тиешелүү органдарга саат таңкы 5.12де түшкөн. Жерине барган өрт өчүрүүчүлөр жарылуу болгон жерден өрт чыгып, цехтин аймагына толугу менен жайылганын көргөн.

Өзгөчө кырдалдар департаментинен текшерүү иштеринен кийин алгач өрт чыгып, анын жайынтыгында жарылуу болгонун кабарлашты.

Дээрлик миң чарчы метрге жайылган жалынды өрт өчүрүүчүлөр саат алтыда чектөөгө алган. Учурда жеринде 19 атайын техника жана 65 өрт өчүрүүчү иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.

89
Белгилер:
жарылуу, эмерек, өрт, Алматы, Казакстан
Тема боюнча
Алоолонгон от, ызы-чуу. Пакистандагы учак кырсыгынан аман калган адамдын баяны
Ош базарынын айланасындагы унаалар. Архивдик сүрөт

Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар иштей баштады. Тизме

0
(жаңыланган 18:09 26.05.2020)
Шаардын көчөлөрүнөн унаа токтотуучу жайларды, биринчиден, белгиге карап билсе болот. Экинчиден, ал жактарда кызгылт сары түстөгү атайын кийим кийген кызматкерлер турат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Борбор калаада муниципалдык унаа токтотуучу жайлар иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, коронавирустун айынан киргизилген карантинден улам кызматкерлер үйдө болуп, убактылуу унаа токтотуучу жайларга акы алынбай эле турган.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын тизмеси:

Ош базарынын айланасы

  • Бейшеналиев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Кулиев көчөсүнүн Токтогулдан Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсүнүн Жаш гвардия бульварынан "Ала-Арча" суусуна чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Павлов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Орто-Сай базары

  • Суеркулов көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Юнусалиев көчөсүнүн Суеркуловдон Безымянный көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянныйдан Суеркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Эски толчок" базары

  • Орозбеков көчөсүнүн Фере көчөсүнөн Можайский кууш жолуна чейинки бөлүгү;

"Комфорт" базары

  • Ибраимов көчөсүнүн Москвадан Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Кулатов көчөсүнүн Ибраимовдон Матросов көчөсүнө чейинки бөлүгү (Май-сыр базасы);
  • Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Огомбаев көчөсүнүн Гоголдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Сары-Өзөн" базары

  • Клубный кууш жолу.

"Бул жерлерде "унаа токтотууга болот" деген белгилер бар. Мындан тышкары кызматкерлерибиз атайын тигилген кызгылт сары түстөгү "Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" деген жазуусу бар кийимчен болушат. Ошондой эле бейджик тагынып, акы төлөгөндүгү тууралуу талон беришет. Талондун баасы турган убактысына карабай 25 сом", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 25-майдан тарта борбор калаада бардык базарлар иштей баштаган.

0
Белгилер:
көчө, белги, унаа токтотуучу жай, Бишкек
Тема боюнча
Кангелдиева: Бишкекке 45 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат